Премьер-министр Сатыбалдиев «Кумтөрдүн» улутташтырылышына каршы чыкты

Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 25-сентябрда алтын өндүрүүчү «Кумтөр» кени улутташтырылбай тургандыгын билдирди. Бирок ал кенди «тартипке келтирүүнү» жана анын ишмердүүлүгүн текшерүүнү аягына чейин чыгаруу талабын койду.

Премьер-министр мындай билдирүүнү тоо кен тармагындагы абал тууралуу өткөн кеңешмеде айтты.

«Кумтөр» улутташтырылбайт. Бирок ал жерди тартипке келтирүү керек. Учурда мамлекеттик комиссия ошону менен алектенүүдө», — деп жазат «Тазабек» агенттиги Сатыбалдиевдин сөзүн.

Премьер-министр жакында мамлекеттик комиссиянын кенди комплекстүү текшерүүсү аяктай тургандыгына үмүтү бар экендигин айтты. Ал комиссия Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен өкмөт тарабынан үстүбүздөгү жылдын июлунда түзүлгөн.

2012-жылдын биринчи жарымында «Кумтөр» кенин парламенттик комиссия текшерүүгө алган. Июндун аягында болсо комиссия мүчөлөрү «көп сандаган мыйзам бузуулары» жана «бир миллиард долларга бааланган экологиялык чыгымы» үчүн «Кумтөр Оперейтинг Компанини» улутташтыруу талабын коюшкан.

Анда компаниянын жетекчилиги депутаттардын тыянагын «далилденбеген» жана «текшерилбеген фактылар менен божомолдоолорго» негизделген тыянак деп атаган.

«Компания дайыма Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Эл аралык өнөр жай коопсуздугунун, өндүрүштө ден соолукту коргоонун жана экологиялык стандарттарынын чегинде иштеп келген. Бул бир нече жолу Кыргызстандын көзөмөлдөөчү органдары, ошондой эле Эл аралык эксперттер тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө далилденген», — деп белгиленген компаниянын билдирүүсүндө.

«Кумтөр» —Кыргызстандагы эң ири алтын өндүрө турган кен. 1978-жылы ачылып, алтын өндүрүү 1997-жылы башталган.

Учурда кенди канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясына тийиштүү болгон «Кумтор Оперейтинг Компани» иштетип жатат. «Центерранын» акцияларынын 33 пайызы Кыргызстанга таандык.

Автор: Аскар Акталов