Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы койлордун массалык кырылуусуна алып келген малдын чечек оорусуна каршы вакциналарда «жалган кутурма оорусунун штамптары» болгон. Бул тууралуу парламентте Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчисинин орун басары Самат Алиев билдирди.
Жогорку Кеңеш сентябрдын ортосунан баштап «колдо жасалган вакциналардын» айынан койлор кырылып жаткан Сузак районундагы абалды карады.
Анда Алиев 1912 кой өлгөндүгүн билдирди. Өлгөн койлордун бүтүн эттерин өрттөп, көмүп жатышат. Сузак районуна кире бериш жерде карантин өтмөктөрү орнотулду.
Муну менен катар Жалал-Абад жана Ош облустарынын бир катар райондорунда койдун этин сатууга тыюу салынды.
Алиевдин айтымында, «ушундай эле вакцина» менен эмдөөдөн кийин коңшу Өзбекстанда да мал массалык түрдө кырылган. Алар вакцинанын сынамын Москвага жиберишкен, анда адистер анализдин болжолдуу жыйынтыгын даярдашты.
«Ал чечек оорусуна каршы жасалган вакцинанын курамында дагы башка эки оорунун – Ауески деп аталган жалган кутурма оорусунун да – дарыларынын компоненттери бар болгондугу аныкталды. Чынын айтканда, койлордун оорусу Ауески оорусуна өтө эле окшош. Менин жеке пикирим боюнча, вакциналардын курамында дарылар эмес, вирустун талаа штамптары болгон. Алар малдын иммунитетин жогорулатпастан, тескерисинче, жалган кутурма оорусун пайда кылган», — деди Алиев.
Чиновник Сузак районунун мал догдурлары менен жашоочуларынан «орусиялык тамгалоолору» бар 700 доза вакцина алынган, деп улантты.
«Ал тамгалоо өтө шектүү жана дарынын фабрикадан өндүрүлбөгөндүгү байкалып турат. Орусиялыктар ал вакциналар фабриканын товардык белгисин колдонуп башка бирөөлөр тарабынан чыгарылган деп, аларда мындай дарылар эч качан өндүрүлбөгөндүгүн билдиришти. Алардын адистери бардыгын текшерип, толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалашты», — деп кошумчалады маминспекция жетекчисинин орун басары.
Чиновник сүйлөп бүткөндөн кийин КСДП фракциясынан депутат Мурадил Мадеминов «эффективсиздиги үчүн» Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны жоюууну талап кылды.
«Ата-Журт» фракциясынан парламентарий Дастан Джумабеков башка фирманын товардык белгиси колдонулуп жасалган вакцина коңшу Өзбекстандан аткезчилик жол менен алынып келингендигин белгиледи. Эл өкүлү дарыны алып кирүүгө жол берген бажы жана чек ара кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну талап кылды.
Башкы прокуратуранын орун басары Нурлан Жээналиев бул боюнча Кылмыш кодексинин – 269-(ветеринардык нормаларды бузуу), 316-(кош көңүлдүк), 204-(аткезчилик) жана 309-(ишкердик менен мыйзамсыз алектенүү) беренелери боюнча – төрт кылмыш иши козголгондугун депутаттарга билдирди.
Бул иш боюнча шектүү катары алты киши өтүп жатат, алардын арасында вакцинаны Кыргызстанга саткан Өзбекстандын жараны Зиядин Абдумаматов да бар.
Автор: Аскар Акталов