Сузак районунун чиновниктери малдын массалык кырылгандыгы үчүн соттолот

Жалал-Абад облустук прокуратурасы сентябрдын ортосунда Сузак районундагы малдын кырылгандыгы фактысы боюнча ишти сотко жөнөттү. Администрация өкүлү миңдеген малдын кырылгандыгы үчүн чиновниктер сот жоопкерчилигине тартылбашы керек деп эсептейт.

Сузак райондук мамадминистрациясынын беш чиновнигине күнөө коюлду. Аларды сентябрдын ортосунда «колго жасалган вакцинадан» улам эки миңден ашык малдын кырылуусуна жоопкерчиликтүү болушкан деп эсептеп жатышат.

Прокуратура чиновниктердин кызмат абалдары менен гана чектелип, алардын конкреттүү аты-жөнүн атабай эле. Учурда облустук жана аймактык ветеринардык кызматтын, мамадминистрация жана айыл аймактарынын башчыларынын иши тергөөдө экендиги гана белгилүү.

«Мамлекеттик ветеринария департаменти менен Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгүн уюштурууда көзөмөлдүксүз менен көрүп туруп кылмышка жол берүү болгондугу аныкталган», — деп жазылган Башкы прокуратуранын сайтында.

Сузак районунун акиминин орун басары Төрөгелди Туркбаев малдын кырылуусуна мамадминистрациянын тиешеси жок деп эсептейт. Ал муну эмдөөнү жарандар өздөрү, өз алдынча баштагандыгы менен түшүндүрүүдө.

«Өкмөттүк деңгээлдеги текшерүүлөр болгон. Азыркыга чейин эмдөөчү дарылар аныктала элек, алардын кайсыл жактан алынып келингендиги белгисиз. Вакцина менен Кыргызстандын жараны жабдып турган. Иштин бардыгы жарандар тарабынан өз алдынча жүргүзүлгөн», — деди Туркбаев.

Чиновник малдын кырылуусунан кийин Сузак райондук ветеринардык кызматынын башчысы Таалайбек Турдумамбетов кызматынан четтетилгендигин кошумчалады.

Чиновниктерден сырткары дагы алты кишиге күнөө коюлду, алардын арасында тергөөнүн версиясы боюнча, малдын кырылуусуна себеп болгон эмдөөчү дарыларды алып келген Өзбекстандын жараны Зиядин Абдумаматов да бар.

Жергиликтүү дарыкананын ээси Абдумаматовдон төрт миң доза малдын чечек оорусуна каршы эмдөөчү дарыны сатып алып, кийинчерээк аларды Сузак районунун фермерлерине саткан, деп билдирет тергөө.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, жалпы чыгымдын өлчөмү 11 миллион сомдон көп каражатты түзгөн.

«Колдо жасалган вакцина»

Жалал-Абал облусунун Сузак районундагы малдын кырылышы коңшу Өзбекстандан алынып келинген колго жасалган вакцина менен эмделгенден кийин сентябрдын ортосунда башталган.

Анда Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов малдын кырылуусу тууралуу билдирүүлөр 17-сентябрдан баштап түшө баштагандыгын «Клоопко» билдирген.

«Малдын чечек оорусуна каршы дарысы Өзбекстандан аткезчилик жол менен алынып келингендиги аныкталды. Эмдөө 8-сентябрдан жүргүзүлө баштаган жана дарынын үч миңдей дозасы колдонулган», — деген чиновник.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 4500дөн ашык жергиликтүү жашоочу чечек оорусуна каршы сапатсыз дары менен эмделген койлордун этин жеген. Бирок адамдардын ооругандыгы катталган эмес.

«Медицина тармагындагы адистер белгилегендей, ал уулу заттар кайнатуу учурунда бөлүнүп, өлүп калат. Ошондуктан этти жегендердин арасында ооруп калган бир дагы адам жок», — деп жазылган Саламаттык сактоо министрлигинин пресс-релизинде министрдин орун басары Марат Калиевдин сөзү.

Автор: Хлоя Гейне