Убактылуу өкмөттүн аппаратынын мурунку жетекчиси Атамбаевдин кеңешчиси болуп дайындалды

Убактылуу өкмөттүн аппаратынын мурунку жетекчиси Эмилбек Каптагаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин улуттар аралык мамилелер боюнча кеңешчи болуп дайындалды. Саясат таануучулар жаңы дайындоо тууралуу ар түрдүү пикирлерин билдирүүдө.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү дайындоо тууралуу 6-ноябрда билдирди - анда өлкө башчысынын айланасындагы кадрдык өзгөртүүлөрдүн себептери көрсөтүлгөн эмес.

Саясат таануучулар Убактылуу өкмөттүн мурунку мүчөсүнүн президенттин кеңешчиси болуп дайындалышы тууралуу ар түрдүү пикирлерин билдиришти.

«Алар революцияны Атамбаев менен бирге башташкан. Негизинен, ал кеңешчи катары өз милдеттерин жакшы аткара алат. Ал диний тематика боюнча окумуштуу адис, а бул болсо улуттар аралык мамилелерге өтө жакын», — дейт саясат таануучу Марс Сариев.

Ал эки саясатчыны тең бир пикирди карманган адам деп атап, Каптагаев Убактылуу өкмөттүн аппаратынын башчылыгынан кеткенден кийин да Атамбаевге кеңеш берип турган деп болжолдоодо.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев жаңы дайындоо боюнча башкача пикирде:

«Аны эмнеге дайындагандыктарын түшүнбөйм. Ал улуттар аралык мамилелер боюнча маселеден өтө эле алыс киши. Убактылуу өкмөттүн аппаратынын жетекчиси болсо эле улуттар аралык мамилелердин көйгөйүн ийне-жибине чейин билет деп ойлобойм», — дейт серепчи.

Ал Каптагаев биринчи президент Аскар Акаевдин убагынан бери эле бийликке тырышып келе жатат, деп божомолдоду. Саясат таануучу Отунбаеванын аппаратынын мурунку жетекчисинин улуттар аралык мамилелер боюнча ишинин жыйынтыгын көрбөгөндүгүн белгиледи.

«Эгер бийликтегилер мындай чечимге келишсе, демек мындан бир нерсени көрүп жатышат. Бирок мен бул дайындоодон эч кандай логиканы көрбөй элем», — дейт Какчекеев.

Атамбаев менен Каптагаев Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп, революциядан кийинки бийликте жооптуу кызматтарды ээлеп турушкан — Атамбаев Отунбаеванын биринчи орун басары болуп, каржы жагына жооп берген, а Каптагаев Убактылуу өкмөттүн аппаратынын жетекчиси болгон.

Автор: Мария Гребнева