Антимонополдук комитет кардарлардын укуктарын бузгандарга айыпты жогорулатышы мүмкүн

Комитет жетекчилиги Бишкек шаарындагы супермаркеттер менен соода борборлору боюнча өткөрүлгөн рейдден кийин кардарлардын укуктарын бузгандарга айып көлөмүн жогорулатуу чечимине келди. Кээ бир соода жайлары кардарлардын укуктарын түшүндүргөн стенддерди орнотушат.

Антимонополдук комитеттин кызматкери Назик Алыкулова дүкөндөр боюнча өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө кардарлардын укуктарынын бузулушу катталгандыгын Kloop.kgге билдирди. Ал айыптардын көбөйтүлүшү сатуучулар тараптан бузулган эрежелердин санын азайтат деп эсептейт.

«Тазабек» маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, эреже бузуулардын арасында төмөндөгүлөр болгон:

  • мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды сактабоо
  • кардарлар үчүн азык-түлүктүн курамы жөнүндөгү маалыматтардын жоктугу
  • дүкөндүн иштөө убактысы жөнүндөгү маалыматтардын жоктугу
  • сатуучулардын аты-жөнү көрсөтүлгөн бейджиктердин жоктугу
  • шайкештик сертификатынын жоктугу
  • кичи тиричилик техникалары үчүн кепилдик мөөнөтүнүн жоктугу.

«Өткөрүлгөн байкоо иштеринин жыйынтыктары боюнча чечим кабыл алынат. Анын негизинде биз кардарлардын укуктарынын бузулгандыгы үчүн айыптарды жогорулатабызбы жокпу билебиз», – деди Алыкулова.

Анын кесиптеши Айбек Өмүралиев айыптарды 300 сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүш керек деп эсептейт.

«Үч жүз сомду төлөп оңой эле кутулуп кетсе болот, эми эреже бузгандар эмне кылып жаткандыктары тууралуу ойлонушат», – дейт Өмүралиев.

Ал шаардын бир катар супермаркеттери менен соода борборлорунда кардарлардын укуктарын түшүндүрүп турган стенддер орнотулаарын билдирди.

Стенддер «Народный», «7 дней» супермаркеттеринде жана «ЦУМ», «Бета Сторес», «Дордой плаза», «Берекет Грант» соода борборлорунда орнотулат.

«Народный» дүкөнүнүн кызматкери антимонополдук комитеттин демилгесин жакшы идея деп эсептейт.

«Менимче, айыпты жогорулатса жакшы болот болуш керек. Кимдир бирөө болсо да эрежелерди сактайт», – деди ал.

«ЦУМ» соода борборунун күзөтчүсү айыптарды жогорулатуу жардам бербейт деп эсептейт.

«Мен күзөтчү катары айтайын, биздин “ЦУМда” кардарлардын укуктарынын бузулушун бир дагы жолу көргөн эмесмин, ошондуктан стенддерди коюп, айыптарды көбөйтүү – бул жумушчу ыкма эмес деп ойлойм», – деди ал.

«7 дней» супермаркетинин администрациясынын кызматкери айыптардын жогорулашы сый мамиленин болушун камсыз кылып, дүкөнгө адамдарды тартууга жардам берет деп эсептейт.

«Биринчи кезекте дүкөндөрдүн сатуучулары менен кызматкерлери айыптардын көп экендигин билип кардарларга бир аз сый мамиле жасап калышат. А бул соодага жардам берет, анткени андай мамиле болсо дүкөнгө көп киши келет да», – дейт ал.

Автор: Шерзод Бабакулов

Редактор: Александра Ли