Ленинград облусунун милициясы тогуз жашар баланы «зордуктаган» деген шек менен Кыргызстандын жараны Икрамжан Акбаралиевди кармады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты текшерип жатат.
Ленинград облусу боюнча тергөө комитетинин басма сөз кызматынын кызматкери Юлия Маталыгина Kloop.kgге берген маегинде милиция Акбаралиевди 22-ноябрда кармагандыгын жана ал учурда тергөө абагында камакта экендигин айтты.
«Бул факт боюнча учурда тергөө жүрүп жатат. Шектүү адамга карата камакка алууга байланышкан баш коргоо чарасын белгилеп, ага айып тагуу маселелери каралууда», – деп билдирди Маталыгина.
Баланын камкорчулары «зордуктоо» жөнүндө милицияга 21-ноябрда арыз жазган, деп билдирет тергөө башкармалыгы өз сайты аркылуу.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Акбаралиев кылмыш кылган күнү эле бала тогуз жашар экендигин билген.
«Акбаралиев баланын тогуз жашта экендигин жана кайсыл үйдө жашай тургандыгын билип, анын алсыздыгы менен пайдаланып ага карата зордук менен сексуалдык аракеттерди жасаган», – деп жазылган сайтта.
Орусиянын кылмыш кодексине ылайык, кыргызстандык белгиленген кызматты ээлөө укугунан жыйырма жылга чейин ажыратылып, он эки жылдан жыйырма жылга чейин камалышы мүмкүн.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен учурда окуя боюнча текшерүүлөр жүрүп жаткандыгын билдиришти.
«Учурда андай окуянын чын эле болгон-болбогондугу тууралуу маалымат текшерилип жатат», – деди басма сөз кызматынын кызматкери.
Автор: Нуржамал Жаныбекова
Редактор: Александра Ли