БШК: Шайлоолордогу маркирлөө каражаттары «эскирип калган» болушу мүмкүн

Боршайкомдун басма сөз катчысы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо буга чейинки шайлоолордон калган маркирлөө каражаттары колдонулгандыгын айтты. Сурамжыланган депутаттар шайлоолордо маркирлөө системасынын колдонулушун жактырышкан жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Токтоболот Жумалиев БШКнын кызматкерлери парламенттик шайлоодон калган эски маркирлөө каражаттарын колдонгон болушу мүмкүн деди.

«Кээ бир участкалык комиссиялардын мүчөлөрү былтыркы шайлоолордон калган маркирлөө каражаттарын колдонгон», — деди БШКнын басма сөз катчысы Kloop.kgге берген маегинде.

Жумалиев эгер маркирлөө белгиси тырмак учуна коюлса анын өчүп калуусу толук мүмкүн деп кошумчалады.

Маркирлөө белгиси сол колдун бармак учунун теризине тийгизилип коюлат. Ал эки аптага чейин өчүп калбашы керек.

Kloop.kgнин кабарчысы маркирлөө белгисин дээрлик толук шилекейинин жардамы менен гана өчүрө алды.

«Республика» фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова шайлоолордо маркер менен белги коюу ыкмасынын колдонулушуна каршы экендигин билдирди. Айтымында, коюлган белги жууса эле өчүп калат.

«Мен шайлоого барып келип колумду жуусам ал белги өчүп калды», — деди парламентарий.

Ал ошондой эле депуттар маркирлөө системасын киргизип жатып бул ыкма шайлоолордогу мыйзам бузуулар менен күрөшүүгө жардам берет деп үмүттөнүшкөндүгүн айтты.

«Биз [депутаттар]маркирлөөнү киргизип жатып эмнегедир мындай жол менен жарандардын шайлоого кирген-кирбегендиктерин көзөмөлдөп, «карусель» сыяктуу ыкмалардын колдонулушуна жол бербей, шайлоону таза өткөрө алабыз деп ойлогонбуз», — деди Султанбекова.

«Ата Журт» фракциясынан депутат Азамат Арапбаев маркирлөө каражаттары Африканын «эң артта калган» өлкөлөрүндө колдонула тургандыгын айтты.

«Менин оюмча, бул биздин жарандар кабылып жаткан өтө басмырлай турган процесс. Маркирлөө ыкмасы Африканын эң артта калган өлкөлөрү менен Кыргызстанда гана пайдаланылат. КМШ өлкөлөрүнүн биринде да маркирлөө колдонулбайт», — деди эл өкүлү.

Ал «бардыгын» тең маркирлөөдөн баш тартууга чакырды.

Бишкек жана башка шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрында өттү.

Автор: Эльдос Казыбеков

Фото: Шахида Дүйшеева