УКМК «улуттар аралык кастыкты» тутандырган эл аралык укук коргоочуга каршы кылмыш ишин козгогон жок

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «улуттар аралык кастыкты» тутандырган деп шектелип жаткан Эл аралык кризистик топтун талдоочусуна карата кылмыш ишин козгогон жок. Уюм атайын кызматтагылар менен соттошууну көздөп жатат.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын кызматкери Kloop.kgге берген маегинде алардын мекемеси Эл аралык кризистик топтун талдоочусу Конор Прасадка карата кылмыш ишин козгобой тургандыгын билдирди.

Ал Прасаддын унаасын тинтүү учурунда алынган документтер менен электрондук алып жүрүүчүлөр экспертизадан өткөрүлүп, жыйыныктары Ош прокуратурасына жөнөтүлгөндүгүн маалымдады.

«Ал материалдар экспертиза өткөрүү үчүн Ош мамлекеттик университетине жөнөтүлгөн. Анын чыгарган тыянагына ылайык, материалдарда улуттар аралык араздашууну тутандыра турган маалыматтар болгон», – деди УКМКнын өкүлү.

Эл аралык кризистик топтун коммуникациялар боюнча директору Эндрю Штройляйн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облустук бөлүмү тарабынан алардын кызматкеринин дарегине айтылып жаткан айыптоолорду четке кагууда.

«Ал кимдир бирөөнү кагылышууга түртө турган чагымчылдыкка үндөгөн деген идея толугу менен туура эмес. Биз Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын дарегине расмий даттануу жолдодук», — деди Штройляйн.

Прасад Эл аралык кризистик топто саясий талдоочу болуп иштейт. Ал кандуу жаңжалдардын чыгып кетүү коркунучтарын изилдеп, анын алдын алуу жана чечүү жолдорун сунуштоо менен алектенет, деди Штройляйн.

Ал талдоочу учурда эркиндикте экендигин жана маалымат каражаттары менен байланышууну каалабай жаткандыгын кошумчалады.

УКМКнын Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери Прасадды ноябрдын ортосунда, шаар тургундарынан келип түшкөн арыздын негизинде кармашкан.

«Ал жергиликтүү бийлик органдары менен титулдук калк тарабынан өзбек тектүү жарандардын укугунун бузулушу сыяктуу фактылар тууралуу маалыматтарды чогулткан. Анын бул аракеттери өзбек улутундагы жарандарды активдүү жарандык позициясын көрсөтүү чакырыктар менен коштолгон», — деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.

Ыкчам топтун мүчөлөрү Прасаддын унаасын Ош шаардык сотунун токтому боюнча тинтүүгө алышкан. Тинтүүнүн жүрүшүндө атайын кызматтагылар Эл аралык кризистик топтун кызматкеринен документтер менен электрондук алып жүрүүчүлөрдү алышкан.

«Коогалаңдын кесепетин изилдөөдөгү ийгиликсиздик»

«Эл аралык мунапыс» укук коргоо уюму 2012-жылдагы отчетунда кыргыз бийлиги 2010-жылдын июнунда Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон улуттар аралык кагылышуу учурундагы кылмыштарды «ачык жана калыс» изилдей алган жок деп белгилеген.

«Өз ичине жөнөкөй жарандарды кыйноо, зордуктоо жана өлтүрүүнү камтыган адамзатына каршы жасалган кылмышкерлер — жазасыз калышты», — деген «Эл аралык мунапыстын» талдоочусу Мэйси Вэйчердинг.

Вэйчердинг белгилегендей, кагылышка кыргыз жана өзбек этникалык топторунун өкүлдөрү катышкандыгына карабастан өзбек тарап «көп жоготууларга дуушар болгон».

Отчетто иштин ордунан чыкпай калгандыгына карабастан Кыргызстан улуттар аралык кагылыштын калыс жана эффективдүү изилденишин камсыз кылышы керектиги айтылган. Уюм эл аралык коомчулукту кыргыз бийликтерине каржылык жана техникалык жактан колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Улуттар аралык кагылыш Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында 2010-жылдын июнунда болгон - анда төрт күн бою кыргыздар менен этникалык өзбектердин ортосунда кагылышуулар болгон.

Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышты изилдөө үчүн түзүлгөн Мамлекеттик жумушчу топтун акыркы маалыматы боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында 442 киши көз жумган, алардын 70 пайызын этникалык өзбектер түзгөн.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Александра Ли