Салык кызматы соода жайларындагы спирт ичимдиктерин сатууга уруксат берген лицензияларды текшерүүгө алат

Салык кызматы билим берүү мекемелеринен 100 метр алыстыкта жайгашпаган дүкөндөрдүн лицензияларын текшерүүнү баштады. Кызматтын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун айтымында, мекеме кийинчерээк калган бардык соода жайлардын спирт ичимдиктерин сатууга уруксат бере турган лицензияларын текшерүүгө алат.

5-декабрдан баштап Мамлекеттик салык кызматы мектептерге жакын жайгашкан дүкөндөрдү текшерип жатат, деп билдирди кызматтын басма сөз катчысы Эркин Сазыков.

«Сатууга тыюу салынган жерлер бар – билим берүү мекемелеринен жүз метр алыстыкта сатылышы керек. Бул тыюу салуу андагы балдардын ден соолуктарынын пайдасына киргизилген», – деди Сазыков.

Басма сөз катчынын айтымында, мыйзам бузуулар аныкталган учурда соода жайларындагы спирт ичимдиктери мамлекеттин пайдасына алынат.

Кызмат билим берүү мекемелерине жакын жайгашкан дүкөндөрдү текшерип бүткөн соң өлкөнүн калган бардык соода жайларын текшерүүнү баштайт, деп кошумчалады Сазыков.

Этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт бар продукциялардын өндүрүлүшүн жана сатылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Нурлан Орозалиев алынган товарлар түндүк бажысынын терминалына өткөрүлө тургандыгын жана ал жерде соттун чечими чыкканга чейин сакталаарын Kloop.kgге билдирди.

«Эгер сот продукцияны кайтарып берүү чечимин чыгарса кайтарып беребиз. Андай учурлар көп эле болгон. А эгер фирма продукцияга башка бирөөнүн товардык белгисин пайдалангандыгы аныкталса ал жок кылынат», – дейт Орозалиев.

6-декабрда Мамлекеттик салык кызматы «Народный» супермаркеттеринин төрт дүкөнүнүн лицензиясын токтоткон.

«Народныйдын» юридикалык бөлүмүнүн кызматкери Роман Глаголенконун айтымында, Салык кызматынын спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуусунан улам «кирешенин азайышы» бул айга 5 млн сомду түзүп калат, бул болсо өз кезегинде мамлекеттик бюджетке түшө турган салыкты 800 миң сомго кыскартат.

Автор: Хлоя Гейне

Редактор: Александра Ли