Ысык-Көл: Айылдык мектеп өрттөнүп кетти, каза болгондор жана жабыр тарткандар жок

17-декабрда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Көк-Мойнок айылындагы Көк-Мойнок-2 орто мектеби өрттөнүп кетти. Каза болгондор жана жабыр тарткандар жок, айылдын жашоочулары техникалардын, эмеректердин жарымын жана окуу куралдарын алып чыгууга жетишишкен. Мектептин окуучулары окууларын башка имаратта улантышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Канатбек Төлөбердиев Көк-Мойнок-2 орто мектебинин директору Светлана Нурзалиева өрт тууралуу түнкү саат үчтө кабарлагандыгын Kloop.kgге билдирди.

Ал учурда мектептин имаратында эч ким болгон эмес.

Төлөбердиев билдиргендей, мектепти өчүрүү үчүн эки өрт өчүрүү тобу чыгып кеткен.

«Өрт өчүрүү кызматы келгенде өрт мектепти кыйла эле каптап кеткендиги аныкталган. Өрт эртең менен саат жетилерде токтотулуп, саат сегизде толугу менен өчүрүлдү», – деди нөөмөт бөлүмүнүн кызматкери.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрт окуу имаратында жайгашкан жылытуу мешинен чыккан.

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын акими Бакыт Рыспаев жыгачтан салынган мектеп болгондуктан өрт аны тез эле каптап кеткендигин айтты.

Ал күйүп кеткен мектептин окуучулары окууларын башка имаратта улантаарын билдирди.

«Айылда бош имарат бар. Биз калган жабдуулардын бардыгын ошол жакка алып барып анда убактылуу мектеп уюштурууну ойлонуштуруп жатабыз», – деди Рыспаев.

Мектеп директору Светлана Нурзалиева мектептин жарымы өрт өчүүрүүчүлөр келгенге чейин эле өрттөнүп кеткендигин айтты.

«Өрт өчүрүүчүлөр Балкычыдан келгенче мектебимдин жарымы күйүп кетти. Алар өрттү өчүрө алышкан жок, анткени катуу шамал болуп өрт күчөп кеткен», – деди Нурзалиева.

Ал жергиликтүү жашоочулар мектептин документацияларын сактап калууга үлгүргөндүгүн билдирди.

Көк-Мойнок-2 орто мектеби 1970-жылы курулган. Анда 92 окуучу билим алып, 12 мугалим эмгектенип келген.

Жалпысынан Көк-Мойнок айылында 3 мектеп иштейт.

Автор: Кубан Макешов

Редактор: Нуржамал Жаныбекова