Бишкек мэриясы менен Билим берүү министрлиги окуучулардын каникулу туураалуу ар башка маалыматтарды билдирүүдө

CE312A57-B09F-4A3E-8CEA00_s1

Аба ырайынын температурасынын жогорулагандыгына жана окуучулардын сабактарга көп келе баштагандыгына байланыштуу Бишкектин мэриясы мектеп окуучуларынын окуусун жылдын аягына чейин узартуу чечимине келди. Билим берүү министрлиги бул маалыматы четке кагып, кышкы каникул 24-декабрда башталаарын билдирүүдө.

Борбордун мектептеринде кышкы каникул окуу планы боюнча эле - 31-декабрдан 11-январга чейин өтөт, деп билдирди борбордун мэриясы.

Алардын сайтында билим берүү мекемелеринин борбордук жылуулук берүү системалары иштеп жаткандыктан жана 21-декабрдан кийин Бишкекте абанын жылуу болушу күтүлүп жаткандыктан бул чечим Билим берүү министрлиги менен биргеликте кабыл алынган деп жазылган.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева мэриянын ал билдирүүсүн четке какты.

«Шаардын Билим берүү департаменти кышкы каникулдун 31-декабрдан баштала тургандыгы боюнча министрлик менен макулдашкан жок. Ал документти өз алдынча таратышкан», – деди Жукеева.

Ал кошумчалагандай, министрликтин каникулду узартуу жөнүндөгү буйругун эч ким жокко чыгарган эмес жана борбордун мектеп окуучулары суукка байланыштуу 24-декабрдан баштап каникулга тарайт.

«Эч кандай буйрукту жокко чыгаруу болгон эмес, ал күчүндө эле калат. Ал буйрук Кыргызстан менен Бишкектин бардык жалпы билим берүү мекемелерине тиешелүү», - деди басма сөз катчы.

Бишкектин вице-мэри Вячеслав Красиенконун айтымында, азырынча мэрия каникул маселеси боюнча министрлик менен макулдаша элек болушу мүмкүн, бирок жакында макулдашууга келет.

«Эгер кечээ макулдашылбаса бүгүн макулдашууга келишет. Балдар катаклизмдерге карабастан окушу керек. Эгер аймактарда электр жарыгы, жылуулук берүү боюнча көйгөйлөр болсо бизде андай көйгөй жок», – деди вице-мэр Kloop.kgге берген маегинде.

19-декабрда Билим берүү министрлиги мектеп окуучуларынын кышкы каникулун узартуу жөнүндө буйрук чыгарган. Алар мындай чечимин аба ырайынын суук болуп кеткендиги менен түшүндүргөн.

Буга чейин Kloop.kgге билим берүү министринин кеңешчиси Эдиль Молдоев кышкы каникул 24-декабрдан 10-январга чейин созулаарын, бирок жазгы каникул кыскартылаарын билдирген.

Автор: Мария Гребнева