Бишкек мэриясы 2014-жылга карата борбордук аянтка жаңы балаты орнотууну убада кылууда

2012-12-22_christmas-tree_10454

Бишкектин вице-мэри Вячеслав Красиенко эмдиги жылы шаардын борбордук аянтына жаңы балаты орнотула тургандыгын айтып, убада берди. 22-декабрга караган түнү шамалдан кулап калган учурдагы балатынын металл өзөгү 2008-жылдан бери колдонулуп келе жатат.

Красиенко 2014-жылды тосуп, майрамдоо үчүн мэрия шаардын негизги балатысынына жаңы металл өзөк ала тургандыгын айтып, убада берди.

«Эмдиги жылы балатыны жаңылап, жаңы металл өзөк орнотобуз», — деди Красиенко.

Учурдагы балаты 22-декабрга караган түнү, болжол менен саат 2:30дарда кулап түшкөн. Вице-мэрдин айтымында, ал 2008-жылдан бери колдонулуп келе жатат.

Быйыл шаар бийлиги аянттагы балатыны алгачкы жолу орнотуу үчүн 250 миң сом сарптаган.

22-декабрь күнү эртең менен балаты кулап түшкөндө ийилип калган металл өзөктүн ортоңку бир бөлүгүн алып балатыны кайрадан орнотуп башташкан.

Балатынын кулап түшкөндүгүнөн сырткары андагы шамалдан улам Кыргызстандын аянттагы туусу дагы жыртылып калган.

Желек эртең мененки саат 7ге чейин алмаштырылды.

Жалпысынан Бишкек мэриясы шаар боюнча беш балаты орноткон. Красиенко белгилегендей, 22-декабрь күнү эртең менентен баштап шаар кызматтары тарабынан калган балатылардын бардыгы текшерилген жана алардын кулап кетүү коркунучу жок.

Жаңы жылдык балатынын кулап кетиши Кыргызстандын интернет мейкиндигинде ондогон азил-тамашалардын пайда болушуна себеп болду.

«Жада калса Бишкектин мэринин балатысы дагы турбайт», — дейт жазылган алардын биринде.

Автор: Азат Рузиев