Киев көчөсүндөгү унаа кырсыгы: депутаттын жардамчысы кандай ылдамдыкта келе жаткан?

IMG_3285

Депутат Жыргалбек Саматовдун жардамчысы Таалайбек Жакыпов Бишкектин борборунан кичи автобусту сүзгөндөн бери эки аптадан ашык убакыт өттү. Кырсык үч адамдын өмүрүн алып кеткен. Kloop.kgнин редакциясы ал түнү Жакыповдун канчалык ылдамдыкта келе жаткандыгын максималдуу так санап чыгууну чечти.

Азырынча Жакыповдун унаа кырсыгына чейинки ылдамдыгы тууралуу расмий маалыматтар айтыла элек.

Бирок кырсыктан көп өтпөй эле «Билайв» видео сервисинде Жакыповдун «Тойота Лэнд-Крузер» үлгүсүндөгү унаасынын акыркы секунддары тартылып алынган тасма пайда болгон.

Тасманы талдоо - Жакыпов кагылышууга 60 метр калганда эң эле аз дегенде саатына 163 километр ылдамдыкта бара жаткандыгын көрсөттү.

Ал эми акыркы 158 метр аралыкты саатына 183 километрлик ылдамдыкта басып өткөн.

Унаа кырсыгы тууралуу кененирээк окуу:

Кантип эсептеп чыктык?

Ылдамдыкты аныктоо үчүн Kloop.kgнин кабарчыларына эки видео тасма тең бир булактан алынгандыгын, ошондой эле алардагы убакыттын синхрондошкондугун аныкташ керек болгон.

Кабарчылар ал эки камера орнотулган күркөгө барып келишти — ал соода жайынын ээси күркөнүн аталышы менен анын кайсы иштин түрү менен алектенээрин айтпоону суранды.

Kloop.kgнин кызматкерлери эки камера тең бир системанын бөлүгү экендигине жана кадрдын бурчунда көрсөтүлүп жаткан убакыт бир булактан алынып жаткандыгына ынанышты, демек алар толугу менен синхрондошкон.

Кийинки маселе ылдамдыкты тактоо үчүн белгиленген бөлүктү аныктоо болгон. Күркөнүн ээси камералардын обзоруна эмнелер түшө тургандыгын тагыраак түшүнүш үчүн Kloop.kgнин кабарчыларына аларды күндүз карап көрүүгө мүмкүндүк  берди:

2012-12-16-11.19.59

4-камерадан Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан «Токио» дүкөнүнүн алдындагы Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүк көрүнүп турат:

cam04

Так кагышуу болгон учурду тартып алган 3-камерадан болжол менен Абдырахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишине чейинки 65 метрлик аралык, ошондой эле кесилиштин өзү да көрүнүп турат:

cam03

Жыйынтыгында, Kloop.kg кабарчылары «Токио» дүкөнүнүн унаа токтотуучу жайынын жанындагы люк менен Абдырахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аралыкты тандап алды (4-камера унаалардын так ушул аралыктардан тартып алган).

Ылдамдыкты аныктоо

Ал эки чекиттин аралыгын так аныктоо үчүн лазер дальнометр колдонулду. «Токио» унаа токтотуучу жайы менен эки көчө кесилишине чейинки жалпы аралык 158, 5 метрди түздү.

4-камерадан гана көрүнө турган кесинди өзүнчө ченелип, анын аралыгы дээрлик 61,7 метрди түздү.

 

pano2

Kloop.kg аралыкты өтүү убактысын эсептеп чыгуу үчүн видеонун эки кесиндиси бириктирилген аралыкты колдонду:

Эки кесинди бириктирилген видеону көрүү:

Тасманы талдоонун жыйынтыгына ылайык, видео-байкоо камерасы унаанын жалпы аралыгын (158,5 м) 77 кадрда тартып алган. Видеонун сапатынын өтө начардыгын эске алып Kloop.kg 1 кадрдык ката кетирип, жаңылышы мүмкүн.

Камералар секундасына 25 кадр тартышкан. Демек унаа жогоруда белгиленген жалпы аралыкты 3,04—3,12 секундада эле басып өткөн. Буга ылайык, ал бөлүктө анын орточо ылдамдыгы саатына 183 километр болгон.

Унаа эки көчөнүн кесилишине чейинки акыркы 61 метрлик аралыкты 33 кадрда тартып алган. Ал бул бөлүктү — 1,28—1,36 секундада басып өткөн.

Ага ылайык, белгиленген бул бөлүктөгү ылдамдык аз дегенде саатына 163 километрди түзгөн.

Талдоонун жыйынтыктары окуянын күбөлөрүнүн айткандары менен дал келүүдө - алар Жакыпов көчөлөрдүн кесилишине аз калганда бир-эки жолу тормузду баскандыгын, мындан улам видеодогу кырсык болгон убакыттын акыркы секунддарында ылдамдык азайгандыгын айтышкан.

Тасмада акыркы көз ирмемдерде унаанын арткы фонарынын жарыктары бир аз жарыгыраак күйгөндүгү көрүнүп турат — эрежеге ылайык, арткы фонарлар негизинен айдоочу тормозду басканда жарык күйөт.

Акыркы көз ирмемдердеги ылдамдык кырсык болоор замат КирТАГ маалымат агенттигине билдирген милиция кызматкеринин бейрасмий маалыматтары менен дээрлик дал келүүдө — анда кырсык болгон учурда Жакыповдун унаасы болжол менен саатына 160 чакырымда келе жаткандыгы айтылган.

Албетте, Kloop.kgнин кабарчыларынын эсептөөлөрү расмий эмес, бул жөн гана божомол болуп эсептелет.

Авторлор: Бектур Искендер жана Хлоя Гейна