Талас облусу: жүздөй кой жардан кулап өлдү

bishkekкой_10435

Талас облусунун Кара-Буура районунда жайгашкан Бакайыр жайытындагы жарга 500 кой кулап кетип, болжол менен алардын 100ү өлгөн. Өлгөн койлордун эти айылдын жашоочуларына таратылууда.

Кара-Буура районунун акиминин биринчи орун басары Рапил Чыналиев Kloop.kgге берген маегинде жарга койлор иттин үргөнүнөн үркүп кулап кеткендиктерин айтты.

«Койчу малды кечинде айдап келген, иттин үргөнүнөнбү же ал жерде кимдир бирөө болгонбу, айтоор алар үркүп, жардан кулап кетишкен», – деди ал.

Чыналиев жалпысынан жайытта 500 кой болгондугун билдирди.

Ал өлгөн малдын эти айылдыктарга таратылып баштагандыгын кошумчалады. Айтымында, койдун эти таратылганга чейин текшерүүдөн өткөн эмес.

ӨКМдин Ыкчам жардам көрсөтүү тобунун башчысы Мухамбет Сваров Чыналиевдин өлгөн малдын эти текшерилбегендиги тууралуу айтканын четке какты.

«Этти ветеринардык кызмат текшерип, колдонууга уруксат берди», – деп билдирди Сваров.

Бул Талас облусунда малдын биринчи жолу кырсыкка учурашы эмес. Январь айынын башында Чоң-Кара-Буура айылындагы жасалма көлмөдөгү муз сынып, 160тай кой-эчки сууга түшүп кеткен. Анда 12 кой өлгөн.

Жергиликтүү тургундар окуяга мал кайтарып жүргөн малчыны айыпташкан.

Анда ӨКМдин ыкчам нөөмөтчүсү Улан Байболов өлгөн койлордун эти ээлерине берилгендигин Kloop.kgнин кабарчысына билдирген.

Автор: Нуржамал Жаныбекова