Ош: Полковник Шоноевдин өлүмү боюнча иш аптанын аягына чейин сотко берилет

aыфмgt_109

ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүргөн деген шек менен кармалгандарга карата козголгон кылмыш иши 8-февралда сотко жөнөтүлөт. Жалпысынан милиция тарабынан шектүү катары алты адам кармалган, дагы бири издөөдө.

Шоноевдин өлүмү боюнча тергөө жүргүзгөн Ош шаардык прокуратурасынын прокурору Айбек Турганбаев Kloop.kgге берген маегинде тергөө дээрлик аяктап калгандыгын билдирди.

«Шоноевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши аяктоо баскычында. Бүгүнкү күнгө карата кылмыш жоопкерчилигине алты киши тартылды, дагы бир шектүү адам издөөдө болгондуктан ага карата кылмыш иши өзүнчө жүргүзүлүп жатат», – деди Турганбаев.

Прокурор билдиргендей, айыпталып жаткандардын арасында кылмыштын аткаруучулары, ошондой эле аны уюштурууга катышкан адамдар да бар.

Турганбаев иш кароо үчүн Кара-Суу райондук сотуна жиберилиши мүмкүн деди.

Кара-Суу райондук сотунан аларга азырынча ишти кароо боюнча сурам келип түшө электигин билдиришти.

Милициянын чиновнигине куралдуу кол салуу 11-январь күнү кечинде Ош шаарында болгон. Шоноев беш жеринен жаракат алган: төрт ок көкүрөк клеткасына жана дагы бири моюнуна тийген.

Далил катары окуя болгон жерден болжолдуу түрдө Макаров үлгүсүндөгү тапанчанын 5 гильзасы алынган.

Азырынча ИИМдин полковнигинин өлтүрүлүшүнүн себептери белгисиз.

Автор: Малика Мамедова

Редактор: Нуржамал Жаныбекова