Бишкек: Советтер Союзунун баатырынын эстелигиндеги уурдалган коло такта ордуна орнотулду

IMG_0064_

Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу, учкуч Талгат Бегельдиновдун  эстелигиндеги октябрда уурдалган коло такта өз ордуна кайтарылды. Уурдоого шектүү катары кармалгандар тергөө абагында камакта.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын кызматкери Эдита Аипова Kloop.kgге берген маегинде коло такта ордуна февралдын башында орнотулгандыгын билдирди.

Аипованын берген маалыматы боюнча, такта менен аны уурдап кеткендер 2012-жылдын декабрында эле табылган. Алардын мыйзамсыз түстүү металл сатууга тиешеси бардыгы аныкталган.

Мэриянын басма сөз катчысынын айтымында, тактаны калыбына келтирүү үчүн эки ай жана 85 миң сом кеткен.

«Чыгым толугу менен уурдап кеткендердин ата-энелери тарабынан толукталды», — деди ал.

Мэрия эстеликте ошол эле – уурдалган такта турат деп ишендирип жатат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов  милиция тактаны уурдоо фактысы боюнча тергөө иштерин улантаарын билдирди.

«Учурда шектүү катары кармалгандар тергөө абагында. Иш боюнча тергөө жүрүп жатат», — деди Сейитов Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, шектелип жаткандар 3 жылдан 7 жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Эки жолку баатыр

Коло тактаны өткөн жылдын октябрында уурдап кетишкен.

Ленин районунун акими Алтынай Өмүрбекова Kloop.kgге берген маегинде уурдалып кеткен такта кайрадан калыбына келтирилип орнотулгандыгын айтты.

«Жаңы тактаны жасоо үчүн заказ берилген эмес. Ыкчам иликтөөлөрдүн жыйынтыгында мурунку тактанын өзү табылган, ал жакшы эле абалда болгон. Айрым жерлери бузууга аракет кылганда чүрүшүп калган. Ал жерлери түздөтүлдү», — деди аким.

Талгат Бегельдинов — советтик учкуч, Советтер Союзунун эки жолку баатыры, Казакстан авиациясынын генерал-майору.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында ал 300дөн ашык согуштук учуу жасаган. Бегельдинов согушка 1942-жылдын күзүнөн баштап салгылашуу аяктаганга чейин катышкан.

Бегельдинов 90 жашта, учурда Алматы шаарында жашайт.

Автор: Мария Гребнева