«Вечерний Бишкек» милициянын журналистти «зордуктоого аракет кылгандыгы» тууралуу жазылган макала боюнча иликтөө жүргүзүүдө

өкмөт үйү

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы буга чейин басылып чыккан Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкери «Колеса.kg» журналынын башкы редактору Марина Орешкинаны зордуктоого аракет кылгандыгы» тууралуу жазылган макаласындагы фактыларды текшерүү үчүн кызматтын иликтөө жүргүзөт.

«Вечерний Бишкектин» интернет-басылмасынын башкы редактору Дина Маслова Kloop.kgге берген маегинде алар азыр кызматтык иликтөө жүрүзүп жаткандыктарын жана жыйынтыктары белгилүү болгонго чейин «Колеса.kg» басылмасынын башкы редактору Марина Орешкинадан кечирим сурабастыктарын билдирди.

Өз кезегинде Орешкина «Вечерний Бишкекке» басылып чыккан өзү жөнүндөгү макаланы «уятсыз жана кара ниеттүү калп» деп атады.

«Учурда мен расмий төгүндөөнү жана ал макаланын сайттан өчүрүлүшүн күтүп жатам. Эгер менин талаптарын канааттандырылбаса сотко кайрылам, мындай уяты жок кара ниеттүү калпка чыдай албайм», — деп жазган ал Kloop.kgнин кабарчысына жөнөткөн катында.

24-февралда басылып чыккан «Вечерний Бишкектин» интернет-басылмасындагы макалага ылайык, Бишкек шаардык Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын тескөөчүсү Болот Картанбаев 23-февраль күнү кечинде Орешкинаны «зордуктоого аракет кылган».

Интернет-басылмадагы макалада жазылгандай, окуя Бишкек башкармалыгынын мекемесинде болгон.

Материалда журналист Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылгандыгы жана Картанбаев кармалгандыгы баяндалган.

«Вечерний Бишкектин» журналисти «өздүк булактарына» шилтеме жасап Орешкина Картанбаевден 1200 доллар алып, арызын кайра кайтарып алгандыгын жазган.

«Жабырланган жаран айыптоо арызын алуу үчүн милиционерден $1 200 сураган аталган журналдын кызматкери Марина Орешкина экендиги белгилүү болду», — деп жазылган басылмада.

Кийинчерээк сайтта Орешкина зордуктоо аракети болгондугун танып жаткандыгы жазылган макала пайда болгон.

Орешкинанын «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү достору менен сүйлөшкөн ачык жазышууларында аны зордуктоого аракет кылган деп айтылып жаткан күнү ал жолдошу менен үйүндө болгондугу айтылган.

Билдирүү социалдык түйүндөр менен макаланын төмөнкү жагындагы пикир калтыруу бурчунда көптөгөн терс бааларды жараткан.

«Редактор катары маалыматты текшербей туруп чыгарыптырбы? Бул жалган макалага бир гана реакция — тез аранын ичинде Марина Орешкина «вечерканы» сотко бериши керек», — деп эсептейт АСС деген ат менен катталып, макаланын төмөнкү жагына пикир калтырган колдонуучу.

Автор: Зарема Султанбекова