Гардиан»: Британия фирмасы Кыргызстанга сапатсыз дары-дармек алып келген деп айыпталып жатат

Kyrygzistanis-on-dialysis-008

Дарыгерлер бейтаптардын дарынын кошумча эффектилеринен жабыркап жаткандыктарын билдиришүүдө, бирок компания оффшор аймагында катталандыктан анын ишмердүүлүгүнө британ бийлигинин кийлигишүүгө акысы жок.

Британиялык фармацевтикалык фирма тарабынан Кыргызстанга сапатсыз дары-дармектер жеткирилип тургандыгы жөнүндөгү даттанууларды өлкөнүн парламенттик комиссиясы текшерип жатат.

Үстүбүздөгү жылы атайын аппараттар менен канын тазалатууга муктаж болгон бейтаптар жаңы, арзан «Репретин» дарысын колдонууга өтүшкөн. Аларга дары британиялык фармацевтикалык фирма тарабынан алынып келинээрин айтышкан. Жергиликтүү дарыгерлер билдиришкендей, көп өтпөй эле бейтаптар дарынын кошумча эффектилеринен жабыркап жаткандыктарын айтып, даттанып башташкан.

«Гардиан» басылмасы тарабынан чогултулган далилдер «Ротафарм Лимитед» британиялык бийлик тарабынан көзөмөлдөнбөстүгүн, бирок королдуктун мыйзамдарындагы жылчыктары, ошондой эле оффшордук аймактардын жабыктыгынын артыкчылыктары менен пайдалана тургандыгын ырастайт.

«Ротафарм» жеке веб-сайтында өзүн «адамдардын ден соолугун жакшыртуу максатында 2005-жылы негизделген британиялык фармацевтикалык компания» катары көрсөткөн.

Компания штаб-квартирасы Эссекс графтыгынын Саффрон Уэлден деген жеринде жайгашкандыгын билдирүүдө. Фирма дары-дармектерин мурунку советтик өлкөлөргө, анын ичинде Молдова менен Түркмөнстан, ошондой эле Румынияга да ийгиликтүү сатып келген.

Чынында «Ротафарм» Түркияда жашаган белорусстук ишкерге таандык. Анын британиялык кызматкерлери жок, компания Британиялык Виргинс аралындагы оффшордук аймакта негизделген жана дарыларды Египеттеги өндүрүүчүдөн «Репретин» бөлүмү үчүн сатып алып турат.

«Ротафармга» өзүн «британиялык компания» катары жарнамалоого уруксат берилген, анткени ал Улуу Британияда каттоодон өткөн, анча чоң эмес аянты бар кичинекей компанияга ээлик кылат. Британиялык көзөмөлдөөчүлөрдүн ага кийлигишүүгө укуктары жок.

Бишкекте иштеген нефролог Динара Айыпова: «Бизде Ротафарм 2009-жылы каттоодон өткөн. Алар өздөрүн европалык сапаттагы британиялык компания деп аташкан», деди.

Ал атайын аппараттар менен канын тазалатышы керек болгон бейтаптардын дээрлик бардыгы «Рош» компаниясынын «НеоРекормон» дарысынан - арзаныраак «Ротафармга» өтүп кеткендиктерин айтты.

«Аппарат аркылуу канын тазалатышы керек болгон бейтаптар «Репретин» колдонгондон бери өздөрүн начар сезип башташты. Дары кан басымдарына таасирин тийгизип, гемоглабиндин деңгээлин төмөндөтүп жиберген. Мен аны башка эритропоэтиндер менен салыштырып, айырмасын таап, жыйында билдиргем», — деди ал.

Кыргыз парламентинин депутаты Ширин Айтматова бул көйгөй менен алектенип баштаган, бирок Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик тендер аркылуу «Репретинди» сатып алуусун уланткан.

«Дарынын кошумча эффектилеринен чочулап жаткан канын алмаштырууга муктаж болгон бейтаптардын даттанууларына карабастан алынууда», — деди ал.

Айтматова парламентти келишим түзүүдөгү мүмкүн болгон коррупциялык иштерди, ошондой эле бейтаптарга «Репретинди» же «Ротафармдын» башка дарыларын жазып бергендиги үчүн дарыгерлердин компаниядан белек алгандыктары жөнүндөгү шектенүүлөрүн текшерүүгө алууга чакырган.

Парламенттик комиссия бул даттануулар боюнча териштирүүнү баштады.

Айыпова «Ротафармга» каршы чыккан дарыгерлерди компания соттук териштирүүлөр менен коркутуп жаткандыктарын айтты.

«Репретин» — ЕРО деген ат менен белгилүү «Эпоэтин» дарысынын башка версиясы. Жакында эле куугунтуктоого учураган вело спортчу Лэнс Армстронг аталган дарыны допинг катары пайдалангандыгын мойнуна алган. «Эпоэтин» кан тазалатууга муктаж болгон бейтаптарды дарылоо үчүн пайдаланылган гормон болуп саналат.

«Ротафарм Лимитед» менен «Уорлд Медисин» (World Medicine) компаниясы Белоруссиянын жараны Равшан Тагиевге таандык, 2005-жылы жашыруун түрдө Британиянын Виргинск аралында каттоодон өткөн. Ал юридикалык жактар Улуу Британия тарабынан каржыланган жабык оффшордук режимде алардын кожоюндарынын аты-жөнүн айтпай, отчет бербей жана салык төлөбөй кое алышат.

Кийин бирдей аталыштагы эки фирма расмий түрдө Улуу Британияда алгач кожоюндары, номиналдуу директорлору жана даректери жөнүндөгү жашыруун маалыматтары менен каттоодон өткөн. Кийинчерээк, кайрадан катталып, кожоюну катары Тагиев көрсөтүлгөн.

Улуу Британиянын Эссекс графтыгында «Ротафармдын» өтө чоң эмес кеңсеси бар. Ал аркылуу аудитке тийиштүү болбогон жана аз өлчөмдөгү салык алынган ишмердүүлүгүнүн кичи көлөмдөрү жөнүндөгү отчетторду жөнөтүп турат.

Бирок «Гардиан» басылмасынын журналисттери барган кезде ал «эл аралык штаб-квартира» кызматкери жок имарат болуп чыкты. «Ротафарм» деген жазуусу бар имараттын ичинде катчы болуп эсептелген жергиликтүү жашоочу Зафер Караман бар болгон. Ал «Ротафарм» жөнүндө кандай гана суроо болобосун жооп берүүдөн баш тартты.

Британиянын дары-дармек менен камсыз кылуу тармагын көзөмөлдөөчү  — Дарылар менен медициналык каражаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиги (Medicines and Healthcare products Regulatory Agency, MHRA) — компаниянын ишмердүүлүгүнө кийлигише албай тургандыгын билдирүүдө.

«Эгер «Репретин» лицензияны дарылары сатылып жаткан Чыгыш Европа өлкөлөрүндө алса, бул ал өлкөлөрдүн бийлиги дарылар коркунучсуз, эффективдүү жана стандарттарга ылайык чыгарылган деген чечимде экендигин билдирет. Мындай болгон соң MHRAнын компанияга каршы кандайдыр бир аракеттерди көрүүсүнө эч кандай себеп жок».

Журналисттер Тагиевге анын ишкерлиги Улуу Британияда эместигинин далилдерин алып барып көрсөтүшкөндө анын жактоочусу: «Силерде так эмес маалымат. «Ротафарм» Улуу Британияда катталган жана активдүү иштеп жатат» деп жооп берген.

Ал компаниянын дарегине айтылып жаткан айыптоолор тууралуу комментарий берүүдөн, ошондой эле анын аралдагы оффшордук аймакта катталгандыгынын максатын түшүндүрүп берүүдөн баш тартты.

Которгон: Бектур Искендер жана Ринат Тухватшин