«Ата-Журт» Бишкекте миңдеген кишилер катышкан митингди убадалап жатат

Piramida

«Ата-Журттун» камактагы үч депутатынын бошотулушун талап кылып жаткан партия тарапташтары Кыргызстандын түштүгүндөгү нааразычылык акцияларын Бишкекте өткөрө турганыктарын айтып жатышат. «Эң аз дегенде 1000 киши» катыша турган митинг 14-мартка белгиленүүдө.

Жалал-Абаддагы мөөнөтсүз митингдин уюштуруучусу Медер Үсөнов Kloop.kgге берген маегинде «Ата-Журттун» тарапташтары партиянын лидерлеринин иши боюнча кийинки сот жыйыны боло турган 14-мартта Бишкекте нааразычылык акциясын өткөрө тургандыктарын билдирди.

Оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын үч депутаты - Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор өткөн жылдын 3-октябрындагы «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингде «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жатышат.

Үсөнов азырынча Бишкектеги митингге канча киши келээрин билбейм деди. Бирок ал уюштурууулар борбордогу нааразычылык акциясына «эң аз дегенде 1000 киши» чогултууну пландап жаткандыктарын кошумчалады.

Митингдин катышуучуларынын талаптары өзгөргөн жок:

  1. «Ата-Журттун» камактагы үч лидерин бошотуу;
  2. «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу;
  3. Парламентти таркатуу;
  4. Башкы прокурор Аида Салянованы кызматынан кетирүү.

 Митингдердин башталышы

«Ата-Журттун» митингдери үч депутатка өкүм чыгарууга аз калганда күч алды. 5-мартта партиянын тарапташтары Кыргызстандын бир катар — Жалал-Абад, Ош, Каракол жана Нарын шаарларында митинг өткөрүштү.

SAM_8223
Нааразычылык акциясынын катышуучулары Жалал-Абад обладминистрациясынын имаратынын алдына эки боз үй тигип алышты

Эң масштабдуу митинг Жалал-Абадда өттү. Андагы митингдин катышуучулары акция мөөнөтсүз экендигин билдиришти. Түрдүү маалыматтар боюнча, алардын 6-марттагы митингине катышкан кишилердин саны 500дөн 3 миңге чейин жеткен.

«Ата-Журтту» колдоп чыккан 50дөй Баатыр эне партиянын лидерлерин бошотууну талап кылып, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында эки күн түнөштү.

Оштогу митингде чогулган элдин саны партиянын Жалал-Абадда чогулган тарапташтарынын санына жеткен жок — шаардын борбордук аянтына 200дөн ашпаган киши чогулган. Ал эми Каракол жана Нарын шаарларындагы митингге партиянын миңден ашык тарапташы катышкан.

Өкүмдүн чыгарылышын күтүү

Өткөн жылдын октябрынын башында бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталып жаткан «Ата-Журттун» үч депутанынын соту соттук процесстин жыйынтыктоочу баскычы — жарыш сөз менен тараптардын пикир алышуусуна келип жетти. Бул баскычтан соң аларга карата өкүм чыгарылат.

7-марттагы жыйында жактоочулар сот жообуна тартылып жаткандарды үй камагына чыгарууну өтүнүштү, бирок судья өтүнүчтү четке кагып өкүм чыкканга чейин үч депутатты УКМКнын тергөө абагында калтырды.

Ташиев, Жапаров жана Мамытовдор 2012-жылдын октябрынын башында өткөн митингде «бийликти басып алууга аракет кылган» деп айыпталып жатышат
Ташиев, Жапаров жана Мамытовдор 2012-жылдын октябрынын башында өткөн митингде «бийликти басып алууга аракет кылган» деп айыпталып жатышат

Мамлекеттик айыптоочу дагы эки күбө менен бир жабырлануучуну суракка алууну өтүндү — алар 14-мартта, жарыш сөз башталаардын алдында көрсөтмө беришет.

Пикир алмашуу 7-мартта башталышы керек болчу, бирок залдагы батарея жарылып кеткендиктен сот жыйыны кийинкиге жылдырылды. Бул иш боюнча соттук териштирүүлөр үстүбүздөгү жылдын январынан бери уланууда.

Автор: Евгений Погребняк

Негизги сүрөттө: «Ата-Журттун» лидерлерин бошотуу талабы менен 17-октябрда өткөн митинг