«Ата-Журт» Бишкектеги «миңдеген киши катышкан» митингин белгисиз мөөнөткө чейин жылдырды

2013-03-05_rusdram1

«Ата-Журт» партиясынын 14-мартка белгиленген митинги белгисиз мөөнөткө чейин жылдырылды. Бирок оппозициялык партия «бийликти басып алууга аракет кылган» деп айыпталып жаткан лидерлерине карата айыптоо өкүмү чыгарылса нааразычылык акцияларын уланта тургандыктарын билдирип жатат.

«Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев Kloop.kgге берген маегинде Бишкекте 14-мартка белгиленген митинг болбой тургандыгын ырастады.

«Бишкекке барбайбыз. Соттун чечимин күтөбүз. Эгер аны 14үндө бошотушса, биз митингдерди уюштурбайбыз. Эгер айыптоо өкүмү чыгарылса митингдер болот», — деди ал.

Буга чейин ушундай эле маалыматты «Ата-Журт» партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына билдирген.

Анын айтымында, «Кыргызстандын кээ бир саясий ишмерлери» учурдагы бийликти кулатуу үчүн алардын акцияларын пайдалангылары келип жаткандыктан оппозиция митингдерди токтото туруу чечимин кабыл алган.

«Бизге кайсы бир жерде элди чогултуп, чагымчылдык менен митингди башка максатта пайдалангылары келип жаткандар тууралуу маалымат келип түштү», — деген Анаркулов «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасына берген маегинде.

«Ата-Журт» өткөн аптада массалык нааразычылык акцияларына чыкты, алардын көпчүлүгү Кыргызстандын түштүгүндө өттү.

Эң масштабдуу жана узакка созулган митингдер Камчыбек Ташиев туулган Жалал-Абад облусунда өтүп жатат.

5-марттан бери «Ата-Журттун» тарапташтары митинг өткөрүп жаткан Жалал-Абадда көчөдөгү нааразычылык акцияларынан сырткары жергиликтүү облустук администрациянын имаратынын ичинде да акциялар уюштурулган.

Обладминистрациянын имаратында «Ата-Журттун» лидерлеринин үстүнөн «адилеттүү» сот өткөрүүнү талап кылып 50дөй Баатыр эне эки күн түнөгөн.

Бирок 8-март Эл аралык аялдардын күнүндө жана андан кийинки дем алыш күндөрдө Жалал-Абаддын борбордук аянтындагы адамдардын саны бир топ эле аз болду — болжол менен митингдин катышуучуларынын саны 1000 кишиден 10-20 кишиге чейин азайган, бирок 11-мартта алардын саны кайрадан өстү.

«Ата-Журттун» тарапташтары партиянын үч лидери - Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдордун үстүнөн өтүп жаткан адилетсиз сотко каршы митинг өткөрүп жатышат.

Саясатчылар өткөн жылдын октябрынын башында өткөн митингдин жүрүшүндө «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жатышат.

Алар учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

Автор: Евгений Погребняк