Миңдеген студенттер «революцияга каршы митингге» чыгышты

2013-03-05_rusdram1

Борбордун жогорку окуу жайларынын миңден ашык студенти «тынчтык жана революцияга жол бербөө» чакырыктары менен Бишкектин «Ала-Тоо» аянтына митингге чыгышты. Алар революция коркунучунун булагын айтышкан жок, бирок акцияны оппозиция пландаган митингдин алдында өткөрүштү.

12-мартта борбордун жогорку окуу жайларынын студенттери «дайымкы башаламандыктарга» каршылыктарын билдирип «Ала-Тоо» аянтына чыгышты. Бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде акциянын уюштуруучуларынын бири Атай Бейшенбек уулу билдирди.

Ал митинг жалпы эле митинг өткөрүүгө каршы уюштурулган деген маалыматтырды четке какты.

«Бардыгы эле бүгүн бизди митингдерге каршы чыгышты деп айтып жатышат. Андай эмес. Биз митингдерге каршы эмеспиз, анда адамдар жарандык позицияларын билдиришет. Биз өзүбүз да митингге чыктык да», — деди Бейшенбек уулу.

«Биздин позиция — биз элге каршы багытталган, сырткы күчтөр тарабынан каржыланган митингдерге каршыбыз», — деди акция уюштуруучу. Бирок ал кайсы «сырткы күчтөр» экендигин тактап айтып бере алган жок.

Аянтка чогулган студенттер кыргызстандыктарды «тынчтыкка жана революцияга жол бербөөгө» чакырышты.

«Биздин өлкө үчүнчү революцияны көтөрө албайт», — деди аты-жөнүн айтпаган, акцияга катышкан Кыргызстандын эл аралык университетинин студенти.

Бир студенттик клуб менен эки жаштар биримдигинин өкүлү болгон расмий уюштуруучулар бул акцияны марттын ортосуна пландалып жаткан оппозициянын Бишкектеги ири митинги менен окшош деп эсептебейт.

Кыргызстанда «үчүнчү революция» жөнүндөгү кептер оппозициянын 2012-жылдын октябрындагы, «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу боюнча өткөргөн митингинен кийин башталган.

Анда камакка алынган оппозиция лидерлерине — «Ата-Журт» партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорго каршы кылмыш иши козголгон, алар учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Бакиев менен Акаевдин ыкмаларына окшош

Саясат таануучу Марс Сариев студенттердин митинги Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев президент болуп турган кездеги «антимитингдерге» окшош деп эсептейт — алардын убагында бийликти колдоо үчүн мамлекеттик структуралардын кызматкерлери тарабынан демонстрациялар уюштурулуп турган.

Акаев менен Бакиевдин убагында бийликти колдогон митингдер өтүп турган
Акаев менен Бакиевдин убагында бийликти колдогон митингдер өтүп турган

Негизинен мындай иш-чаралар бийлик менен оппозициянын ортосундагы мамилелер өзгөчө чыңалып кеткен учурларда өткөн.

«Мен муну массовка деп ойлойм. Чындыгында азыр жаштарды каршы коюу үчүн [оппозициянын митингдерине] мобилизациялашты. Бул биз байкап жүргөн мурдагы [Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин президенттиги маалындагы] уюштуруучулукка окшоп кетет», — деди Марс Сариев Kloop.kgге берген маегинде.

Башка саясат талдоочу Марат Казакпаев азыркы бийлик экс-президенттер баскан «мурдагы эле тырмоону кайрадан басып жатат» жана «мунун аягы жаман бүтүшү мүмкүн» деп эсептейт.

«Административдик ресурсту пайдаланып студенттерди аянтка айдап келишти. Менин оюмча, азыр акырындык менен авторитардык тенденция байкалып жатат», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

«Ата-журтчуларды» колдогон митингдер акыркы бир жарым жумадан бери — лидерлерине өкүм чыгарууга аз калганда кайрадан жандана баштады — нааразычылык акциялары өлкөнүн түштүгүндө 5-марттан бери үзгүлтүксүз өтүп жатат.

Алгач «Ата-Журттун» тарапташтары 13-мартта Бишкекте чоң митинг убадалашкан, бирок аны кийинкиге жылдырышты. Митингдердин өтүү мөөнөтү оппозициялык үч депутатка карата чыгарылган өкүмдүн катаалдыгына байланыштуу болот.

Автор: Алексей Ким