Коргоо министрлиги: түштүктө бир жоокер өзүнө өзү «кокустан» ок атып, каза болду

2013-03-05_rusdram1

Жалал-Абад облусунда кызмат өтөп жаткан жоокер өз көкүрөгүнө ок атып, ооруканага жетпей жолдон каза болду, деп билдирди Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Өлкөнүн түштүгүндөгү №30295 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер «куралды этиятсыз колдонгондугунун жыйынтыгында» көкүрөк тушуна ок атып алып, шаардык ооруканага жетпей жолдон каза болду, деп жазылган Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Окуя болгон жерде Аскер прокуратурасынын Жалал-Абад гарнизонундагы тергөө тобу иштеп жатат, деп билдирди мекеме.

Каза болгон жоокердин аты-жөнү айтылбай эле, Kloop.kg анын туугандары менен байланыша алган жок.

Бул акыркы жылдарда Кыргызстанда каза болгон алгачкы аскер кызматкери эмес, бирок буга чейин каза болгондордун бардыгынын өлүмү өз жанын өзүлөрү кыйганга окшош болгон.

Коргоо министрлиги бир айдан ашык убакыт мурун Бишкекте аскер кызматкери каза болгондугун билдирген — анда асылып өлгөн жоокердин туугандары аскер бөлүгүндөгүлөр баланы кыйнап, «өз жанын кыюууга чейин жеткиришкен» деп билдиришкен.

Анда каза болгон катардагы жоокер Эрлан Эркинбек уулунун апасы уулунун өлүмүнө «армиядагы башаламандыкты» күнөөлөгөн — анын айтымында, улуу жоокерлер жаштарын түндө тургузуп «кордоп келишкен».

«Адилеттүү, кошумча тергөөнүн жүргүзүлүшү үчүн аягына чейин барам. Уулум армияда өз жанын кыйгандардын акыркысы болушу керек», — деген анда Эркинбек уулунун апасы.

Автор: Зарема Султанбекова