Каракол милициясы онунчу класстагы кызды ала качуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартууда, деп билдирип жатышат укук коргоочулар. Тергөөчүлөр кыз өз каалоосу менен «турмушка чыккан» деп эсептешүүдө.
16 жаштагы Канайым Рыскул кызын өткөн жылдын декабрында ала качып кетишкен. Ал жолдошу менен үч ай жашап, ур-токмокко алынгандан кийин качып кеткен, деп жазылган «Эркиндик үнү» укук коргоо уюмунун сайтында.
Кыздын ата-энеси азыркыга чейин Рыскул кызынын «мурунку күйөөсүнө» каршы кылмыш ишин козготтура албай келет — алардын никеси ЗАГСта катоодон өткөн эмес.
«Эркиндик үнү» сайтындагы маалыматка ылайык, кызды ал курбу кызыныкына конокко барганда ала качып кетишкен. Андан кийин апасы менен сүйлөшүшүп, кызын өмүрү көрө элек Азат Бетеев менен калтырууга көндүрүшкөн.
«Биз бирге жашаган үч айлык убакта жолдошум мени алты жолу сабады, кээ бир учурларда мас болуп келип да кол көтөрчү. Негизинен Азат мени муштуму менен башка урчу, бир нече күндөп үйгө да келбей калчу. Ал эми анын эжеси мага бычак такап коркуткан. Күйөөм акыркы жолу - 20-мартта токмоктогондон кийин чыдабай үйгө, апамдыкына кетип калдым», — деп жазган укук коргоочулар Рыскул кызынын айткандарын.
Кыздын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылганда тергөөчүлөр кылмыш ишин козгоого макул болушкан, бирок «билип туруп денеге жеңил жарат келтирүү» беренеси боюнча гана.
Каракол шаардык милициясынын тергөөчүсү Азамат Үчкемпиров Рыскул кызы Бетеев менен өзү каалап жашаган деп эсептейт.
«Биз жабырлануучунун жараат алганы боюнча гана иштейбиз жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 112-беренеси боюнча (Билип туруп денеге жеңил жарат келтирүү) кылмыш ишин козгойт болушубуз керек. Бул жерде эч кандай уурдоо жана кызды күчтөп аялдыкка алуу жок, анткени ал күйөөсү менен үч ай өз каалоосу менен жашаган», — деген ал «Эркиндик үнү» порталына.
Шаар прокурору Бакыт Абыкеев да Үчкемпировдун айткандары менен макул жана андан укук коргоочулар жазып жаткандай кылмыштын белгилерин көрбөгөндүктөн «эркине каршы ала качуу» жөнүндө айтылган 155-берене боюнча кылмыш ишинин козголушун орунсуз деп эсептейт.
155-беренеде 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган — бул норма парламенттин ала качуу үчүн жазаны катаалдатуу сунушуна президент Алмазбек Атамбаев кол койгон кийин 2013-жылдын январында күчүнө кирген.
Буга чейин ала качуу үчүн болгону үч жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.
«Тилекке каршы, Кылмыш кодексинин аталган беренеси эски вариантында деле дээрлик колдонулбайт – акыркы бир нече жылдын ичинде бул берене боюнча өлкөдө онго жетпеген гана адам соттолгон», — деп жазылган укук коргоочулардын сайтында.
Акыйкатчынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 15 миңден ашык ала качуу болот.
Ысык-Көл облусунда акыркы үч жылдан бери ала качуудан кийин үч кыз өз жанын өздөрү кыйган.
Автор: Зарема Султанбекова