Тез жардам кызматы «үй-жайсыз» кызга жардам берүүдөн баш тарткан дарыгерин жазалабайт

obduтелекомn

Тез жардам станциясынын жетекчилиги «өзүн жаман сезип жаткан» кызга жардам бербей койгон дарыгердин иш-аракетин туура деп тапты жана аны жазалабайт.

Өткөн аптада «Фэйсбук» социалдык түйүнүнүн Илья Жамиашвили деген колдонуучусу акчасы жок, «өзүн жаман сезип жаткан» «үй-жайсыз» кызга жардам бербей койгон тез жардам кызматынын дарыгерин видеого тартып, аны өз баракчасына жайгаштырган.

Тез жардам станциясынын башчысынын орун басары Дмитрий Денисенко Kloop.kgге берген маегинде интернет-колдонуучу тарабынан тартылып алынган ал окуя боюнча комментарий берип жатып, тез жардам кызматынын дарыгери Болот Абдылдаев «үй-жайсыз мас кызга» жардам берүүдөн баш тартып туура кылгандыгын билдирди.

«Ал кыз тез жардам кызматына муктаж эмес болчу, анткени ал жөн гана мас болуп туталанып жаткан. Анда комментарийлерде айтылып жаткандай эч кандай тарамыш тырышуусу же талма оорусу болгон эмес», — деди Денисенко.

Станция башчысынын орун басары алар эгер мас адамдар өтө катуу ууланса же ичкиликти көп ичүүдөн пайда боло турган оорулар менен жабыркап жатса гана тез жардам көрсөтө тургандыктарын айтты.

Денисенко журналисттердин дарыгер бейтаптан акчасы бар-жоктугу тууралуу эмне себептен сурагандыгы тууралуу берген суроосуна ал акча тез жардам кызматы үчүн суралбагандыгын айтып жооп берди.

«Ооба, ал сураган, бирок акча бизге керек эмес болчу. Ал акчалар наркология борборуна керек, кээ бирде биз макулдашуулар боюнча алкоголдук оорулар менен ооругандарды ошол жакка жеткиребиз. Наркология борбору бекер дарылабайт», — деп түшүндүрдү ал.

Илья Жамиашвили жогорудагы видеону 28-мартта, «өзүн жаман сезип жаткан» кыз үчүн тез жардам кызматын чакырганда тартып алган. Бирок келген дарыгер тез жардам көрсөтүүдөн баш тартып койгон.

«Бул жерде мындайлар канча экенин билесиңби, ал мас турбайбы, аны кайсыл жакка жаткырмак элек? Аны милицияга алып барыш керек же үй-жайсыз адамдарды кармай турган жерге», — деп жазган Жамиашвили дарыгердин айткандарын.

Жамиашвили билдиргендей, ал кызга тез жардам көрсөтүүсү үчүн дарыгерге акча сунуштаган, бирок ал баш тартып койгон.

«Аны жолдон четке чыгарган жолдошу организминдеги уулануусун кетирүүнү өтүндү. Дарыгер болсо (01 бригададагы, фамилиясы Абдылдаев) кыжырдануу менен андан «сенде төлөгөнгө акчаң барбы?!» деп сурады. Анын акчасы жок экени түшүнүктүү да. Абдылдаевди четке чакырып, дары тамчылаткыч коюп коюсун, акчасын мен төлөй турганымды айттым. Эмнеге экенин билбейм, бирок менен бул сунушум аны азгыра алган жок», — деп жазган ал.

Жамиашвили кетээрден мурун Абдылдаев диспетчерге телефон чалып, бул жерде «мас аял жатат», мындан ары бул дарек боюнча тез жардам жибербегиле деп айткандыгын кошумчалады.

Бул билдирүүдөн кийин окуяга күбө болгон Жамиашвилинин «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасында кызуу талкуу башталган.

«Мына силерге, үй-жайсыз адамга окшошпу-жокпу жок дегенде жардам берип, ошол жерге калтырып койсо болмок да. Мына ушундайларды көрүп тез жардам кызматы жөнүндө терс пикирлер пайда болууда (((», — деп жазган нааразы болгон Сергей Еремеев аттуу колдонуучу төмөнкү жактагы пикир калтыруу бурчуна.

«Юнисон» коомдук фондунун башкы директору Нурзат Абдирасулова дарыгердин бул кылганын угуп үрөйү учууда.

«Биз коркунучтуу убакта жашап жатабыз, айланабызда канчалаган көңүл коштук. ((( Видеону жайгаштырып койгонуңуз үчүн рахмат Илья, келгиле, жок дегенде бул жөнүндө пикир алышып, талкуулап баштайбыз…», — деп жазган ал.

Социалдык түйүндүн кээ бир колдонуучулары ал кыздын үй-жайсыз экендигинен күмөн санашкан.

«Качантан бери Бишкектин көчөлөрүндөгү үй-жайсыз адамдар таза кийинип, чачын боеп жүрүп калган? Анда шаардын жарымын үй-жайсыз адамдардын катарына кошуп койсо болот», — деп жазган Елена Сметанина.

Автор: Александра Ли