Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Атайын кызматтарга кызматкерлерди тандап алуу боюнча мандат комиссиясынын ишин кайрадан жандандырды. УКМКдан билдиришкендей, 2006-жылы комиссиянын иши токтотулгандан кийин мекемеге «чекисттик» талаптарга жооп бербеген жаш кызматкерлер кабыл алынып баштаган.
Коопсуздук органдарына талапкерлерди тандоо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны 1-апрелде өттү, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Мекеменин таркаткан маалыматында Мандат комиссиясынын иши 2006-жылы токтотулгандыгы, андан кийин кадрдык чечимдер жеке адамдар тарабынан кабыл алынып баштагандыгы көрсөтүлгөн.
«Бул өз кезегинде чекисттик талаптарга жооп берген, тиешелүү деңгээлдеги моралдык жана кызматтык сапаттары жок жаш кызматкерлердин жумушка кайрадан кабыл алынышына алып келген», — деп жазылган билдирүүдө.
Мандат комиссиясы УКМКнын Борбордук аппаратынын бир катар жетекчиликтери менен УКМКнын офицердик курамынан турат.
Мекеменин басма сөз кызматы белгилегендей, атайын кызматтагылардын «спецификасын», ошондой эле кызматка орношууда байланыштарын пайдала тургандыктарын эске алганда Мандат комиссиясынын ишинин калыбына келтирилиши УКМКнын кадрдык иштеринин сапатын жогорулатуу үчүн өтө зарыл.
«УКМКга профессионалдуу, ата мекенине берилген жана ар кандай азгырыктарга азгырылбаган туруктуу кадрлар керек», — деп жазылган билдирүүдө.
Kloop.kg УКМКга учурдагы кыргыз атайын кызматтары менен Мандат комиссиясы жөнүндөгү билдирүүдө белгиленген советтик коопсуздук органы болгон Атайын комиссиянын талаптарынын кандай байланышы бардыгы тууралуу суроо жөнөттү.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарчынын бул суроолорун “чагымчыл” деп атап, телефон аркылуу комментарий берүүдөн баш тарткан.
Автор: Зарема Султанбекова