Футбол: Кыргызстан ФИФАнын апрель айындагы рейтингинде эң чоң секирик жасады

kyrgyz-football_10764

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын апрелдеги рейтингинде өзүнүн тарыхындагы эң жогорку орундардын бири болуп эсептелген - 142-орунду ээледи. Андан сырткары курама команда бул айдын ичиндеги рейтингде эң чоң секирик жасады.

Кыргызстан курамасы мындай ийгиликке Азия футбол конфедерациясынын Чакыруу кубогунун тандап алуу баскычындагы үч жолку жеңишинин аркасында жетти. Анда Сергей Дворянковдун командасы Макао, Пакистан жана Тажикстандан келген атаандаштарынын үстүнөн жеңишке жеткен.

Ал беттештер рейтингде континенталдык чемпионатка  тандап алуу статусуна ээ, ошондуктан бул жеңиштери үчүн Кыргызстан жогорку коэффиценттеги упайларга ээ болду.

Кыргызстан тарыхындагы эң төмөнкү – 201чи орундан дароо эле 59 орунга жогорулап, бул айда дүйнөнүн бардык курама командаларынын ичинен эң чоң секирик жасады.

Рейтингде Кыргызстандан артта калган өлкөлөрдүн арасында коңшу Казакстан курама командасы да бар. Алар 144-орунда.

Кыргызстанга рейтингдеги жогорураак оруну команда катыша турган алдыдагы беттештер үчүн чүчүкулак кармоодо жакшы жардам берет.

Эгерде курама команда ушул орунда жылдын аягына чейин кармалып турса Азия футбол конфедерациясынын 2014-жылкы Чакыруу кубогунда өзүнө ыңгайлуу атаандашка туш келиши мүмкүн. Ал мелдеште жеңишке жеткен курама команда футбол боюнча Азиянын 2015-жылкы биринчилигине жолдомо алат.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов бул «күтүлүп» жаткан позиция болгондугун айтты.

«Биз албетте кубанычтабыз. Бул күтүлүп жаткан болчу. Андан да биз үч жаңы атаандашты уттук. Рейтингди көтөрүүнүн негизги жолу — бул оюндар менен жеңиштердин көп болушу», — деди ал.

Буга чейин ФИФАнын рейтингинде Кыргызстандын эң жогорку оруну 2006-жылдын августунда болгон, анда команда 119-орунга чейин көтөрүлө алган.

Бирок ар дайым өткөрүлүп туруучу беттештердин жоктугунан Кыргызстан уламдан улам төмөн түшө берген.

Кыргызстан курама командасы 2012-жылдын ичинде бир гана оюн — Казакстанга каршы жолдоштук беттеш —өткөрүп, анда жеңилип калгандан кийин рейтингде бир дагы упайга ээ болбой тарыхындагы эң төмөнкү 201-орунга түшүп калган.

Футбол федерациясынын маалыматы боюнча, жылдын аягына чейин Кыргызстан эң аз дегенде үч жолдоштук беттеш өткөрөт, алардын арасында жылдын аягында болчу Азербайжан жана Белоруссия курамаларына каршы оюну бар.

ФИФАнын рейтингинде командалар акыркы төрт жылдын аралыгындагы беттештери үчүн упайларга ээ болушат.

Андан сырткары упай алууга беттештердин маанилүүлүгү да таасирин тийгизет — алсак, рейтингде дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгүндөгү оюндар эң жогорку коэффициентке ээ.

Автор: Бектур Искендер