Жириновский карыздары үчүн Кыргызстандан Ысык-Көлдү алууну сунуштады

Ilgiz

Адаттан тыш билдирүүлөрү менен белгилүү Орусиянын депутаты Владимир Жириновский карыздары үчүн Кыргызстан Ысык-Көлдү берсин деген сунушун айтты. Кыргызстандын Каржы министрлигинин басма сөз кызматындагылар күлүп, бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Кечээ, 16-апрелде Орусиянын Мамлекеттик Думасы буга чейин берилген насыялар боюнча Кыргызстандын карыздары тууралуу макулдашууну карады.

Жыйында либерал-демократтардын лидери Жириновский Кыргызстан Орусиянын кайтарымсыз жардамына «көнүп алгандыгын» жана карыздарды кайтарып бере турган убакыт келгендигин билдирди.

«Ал жерде пайдалуу — алтын, уран жана башка — кендер гана бар эмес, суу ресурсун пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар. Булардын баары кымбат, алар түшүнүп жатышат, эгер анын бардыгын бергилери келишпесе анда Ысык-Көлдү беришсин. Керемет көл, жылуу, Кара деңизден жакшы. Ким тоскоолдук кылып жатат?», — деп суроо салган депутат анда, бул тууралуу анын партиясынын сайтында жазылган.

Жыйындын жүрүшүндө Жириновский кыргыз-орус мамилелеринин тарыхын эстеп, алар «падышалык мезгилде орустарды аздектеп келишкен» деди.

«Бишкек — кичинекей гана айыл болгон. А азыр болсо совет бийлиги маалында курулган чоң шаарга айланды. Биз бардыгын алар үчүн кылганбыз, ал жерде айылдар, мал, жакшы алчалар, жүзүм, дарбыз жана коондор болгон», — деген депутат кесиптештерине.

Кыргызстандын Каржы министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде күлүп: «Азырынча биз комментарий берүүдөн баш тартабыз, макулбу?» деди.

Орусия 2012-жылдын күз айларында Кыргызстандын дээрлик 500 миллион доллар карызын кечкен – ал өлкөнүн тарыхында эң көп суммадагы кечилген карыз болуп калган.

Ал сумманын 189 миллиону расмий түрдө 20-сентябрда кечилген, калган 300 миллион карызды Орусия 2016-жылдын баштап 10 жылдын ичинде эсептен чыгарат.

Бирок карызды кечүүнү кайтарымсыз деп айтууга болбойт — макулдашууга тараптардын биргелешип Кыргызстандын аймагында Жогорку Нарын гидроэлектростанциялар каскады менен «Камбарата-1» ГЭСин куруу шарты менен кол коюлган.

2012-жылы тараптар ошондой эле Кыргызстандын түштүгүндө бириккен Орусия аскер базасын ачуу жөнүндө сүйлөшүшкөн.

2012-жылдын июль айына карата Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард 800 миллион АКШ долларын түзгөн.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт: ldpr.ru