Сот оодарылып кеткен учактын учкучтарынын ишин кароону улантат

Ilgiz

Ош шаардык соту “Кыргызстан” авиакомпаниясынын 2011-жылдын декабрында коноордо жерге катуу тийип оодарылып кеткен учагынын учкучтарынын ишин кароону улантат.

Учкучтар В. Чередниченко менен В. Редьковдордун жактоочусу доонун эскирүү мөөнөтү аяктаган деп эсептеп, соттук териштирүүлөрдү Ош облустук соту аркылуу токтотуу аракеттерин баштаган, бирок 11-апрелде ал арызын кайрадан кайтарып алды.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, иш андан ары кароо үчүн Ош шаардык сотуна кайрадан жөнөтүлгөн.

Шаардык сот үстүбүздөгү жылдын февраль айында да кылмыш ишин токтотуудан баш тарткан.

Чередниченко менен Редьков «темир жол, аба жана суу транспортун эксплуатациялоо жана анын кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча айыпталып жатышат.

Бишкектен Ошко учуп бара жаткан “ТУ-134” учагы коноордо жерге катуу тийип оодарылып кеткен. Андан улам учактын конструкция бузулуп, өрт чыккан.

Учактын ичинде 82 жүргүнчү жана алты экипаж мүчөсү бар болгон. Кырсыктын жыйынтыгында эч ким каза болгон эмес. Бирок алты жүргүнчү ооруканага жаткырылып, бирөө оор жараат алган.

Кылмыш кодексине ылайык, учкучтар айып төлөө жана түзөтүүчү жумуштарда иштөө, же болбосо өзүнүн профессионалдык ишмердүүлүгү менен алектенүүгө үч жыл тыюу салуу жазалары менен жазалануулары мүмкүн.

Азырынча бул боюнча комментарий алуу үчүн «Кыргызстан» авиакомпаниясы жеткиликсиз болууда.

Автор: Зарема Султанбекова