Баңгизатына каршы күрөшүү боюнча башкармалык тарабынан Кыргызстандын аймагынан борборго баңгизатын жеткирип турууга шектелген адам кармалды. Учурда шектүү адам убактылуу кармоочу жайда камакта.
Шектүү адам борбордун жашоочусу, 24-апрель күнү күндүз кармалды, деп билдирди Ички иштер министрлигин басма сөз кызматы.
Азырынча анын аты-жөнү айтылбай эле.
ИИМдин маалыматы боюнча, тинтүү маалында кармалган адамдын жанынан дээрлик үч килограмм маңзаты табылган.
«Күбөлөрдүн катышуусунда өткөрүлгөн тинтүүнүн жүрүшүндө шектүүнүн жанынан полиэтилен пакети табылган. Анын ичинде өзүнчө бир жытка ээ кочкул жашыл түстөгү пресстелген зат бар болуп чыкты», — деп билдирди басма сөз катчы.
Экспертиза пакеттеги зат гашиш экендигин көрсөттү.
Мекеменин маалыматы боюнча, ал баңгизаттар Казакстанга же Орусияга жөнөтүүгө даярдалган.
Милиция аталган адамдын колго түшүшү менен «маңзатын жеткирүүчү ири жол» буулду деп эсептеп жатат.
«ИИМдин баңгизатына каршы күрөшүү кызматкерлери түштүк аймактардан борборго маңзаты жеткирилип турган туруктуу жолду тосуу боюнча ийгиликтүү операция өткөрүштү», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.
Кармалган адамдын жанынан гашиштен сырткары коррупцияга каршы күрөшүүчү «АКОС» коомдук бирикмесинин төрагасынын жардамчысынын күбөлүгү табылган. Аталган бирикменин негизги миссиясы баңгитөбөлдөрүн жоопкерчиликке тартууда мамлекетке көмөктөшүү болуп саналат.
Учурда кармалган убактылуу кармоочу жайда камакта. ИИМ ага каршы «Баңгизатын даярдоо, алуу, сактоо жана бир жерден экинчи жерге жеткирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козгоду.
Кыргызстанда мындан бир күн мурун дагы 20 граммдан көбүрөөк гашиш сактагандыгы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери кармалган.
Саясатчылар ал кармоону 12-апрелде ИИМ менен УКМКнын кызматкерлеринин ортосундагы чырга байланыштырышкан, анда атайын кызматтагылар «пара» алып жаткан жеринен Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкерин – Эркин Мамбеталиев менен Тилек Сарбашевдерди кармашкан.
Автор: Александра Ли