Бишкек: Милиция үч жашар кызын «сабаган» адамга каршы кылмыш ишин козгоду

Pervomajskij-rajon

Биринчи май РИИБси өз кызын «сабагандыгы» үчүн «Мурас Ордо» жаңы конушунун жашоочусуна каршы кылмыш ишин козгоду. Жабырланган кыз учурда реанимация бөлүмүндө жатат.

Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн аты-жөнү айтылбай жаткан «Мурас Ордо» жаңы конушунун жашоочусу 25-апрель күнү кечинде 3 жаштагы кызын «сабап салган», деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал үйүнө мас абалында келип, жубайын эмчектеги баласы менен чогу үйдөн кубалап жиберген. Анан жанында калган кызын сабап, аны кошуналарына алып барган.

«Ал кызын кошуналарына өзү алып барып, жыгытып алгандыгын айткан. Кызынын бүт жери кан болгон», — деди Осмонбаев.

Учурда кыз үчүнчү балдар ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат.

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча «Билип туруп адам ден соолугуна оор зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Кылмыш жана жаза кодексинде бул беренени бузгандарга алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

ИИМ «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы жазган – кыздын зордукталгандыгы тууралуу фактыны ырастаган жок.

«Зордуктоо боюнча эч нерсе айта албайбыз, экспертиза бүтө элек. Алар [“Вечерний Бишкек] дайыма эле паровоздун алдында жүрүшөт», — деди Осмонбаев.

«Мурас Ордо» жаңы конушу Бишкектин Биринчи май районунун түндүгүндө жайгашкан.

Автор: Александра Ли