Бишкек: Кинематографисттердин өтүнүчүнөн кийин «Манас» кинотеатрына кирчү жол ачылды

IMG_0123-e1367476467315

Мэрия «Манас» кинотеатрынын кире беришиндеги борбордук жолду 3-майда ачтыбир апта мурун шаар бийлиги өлкөнүн биринчи адамдарынын кортежи өткөндө ыңгайсыздыктарды жаратат деп, кинотеатрга Тынчтык проспектиси тараптан кире турган жолго мамы тосмолорду орноткон.

Унаалар менен Тынчтык проспектисине чыгуу үчүн жол жабык бойдон калат — эми борбордук кире беришке кирүүгө гана мүмкүн.

«Манас» кинотеатрына унаа менен келген адамдарга Шота Руставели көчөсүнө гана чыгууга мүмкүн болот, деп жазылган шаар бийлигинин билдирүүсүндө.

«Кинотеатрдын кире беришиндеги биринчи жолдогу мамы тосмолор алынып, шлагбаум орнотулду. Ал эми Тынчтык проспектисине чыгуучу жол биротоло жабылды», — деп жазылган пресс-релизде.

Бишкектин мэриясы кинотеатрдын кире беришиндеги негизги жолго мамы тосмолорун 27-апрелде орноткон – алар бул аракетин «кирип-чыгуу – жол кыймылына тоскоолдук жаратып, эрежелердин бузулушунун себеби болуп жаткандыгы» менен түшүндүрүшкөн.

«Дагы бир себеп – Т ынчтык проспектиси аркылуу өлкө башчысынын кортежинин өтүшү», — деп билдирген мэрия.

Кыргызстандын кинематографисттери бул чечимди сынга алышып, «унаа токтотуу эрежелеринин бузулбашы жана кинотеатрдын коноктору үчүн ыңгайсыздыктардын жаралбашы үчүн» жолду ачуу өтүнүчү менен өлкөнүн президенти менен шаар бийлигине кайрылышкан.

«Өкмөт адамдарынын жүрүшү үчүн жана тынч иштеп жаткан кинотеатрдын аймагындагы унаа токтотуунун көйгөйү менен күрөшүү үчүн кире бериштин жабылуусунун логикасы түшүнүксүз бойдон калууда», — деп билдирген Кинематографисттер союзунун төрагасынын орун басары Таалайбек Кулмендеев 30-апрелде.

Союз кинотеатрга кире турган негизги жолдун жабылышын Улуттук кинематографтын жабылышы катары баалаган.

«Ата мекендик кинопродукциянын 80 пайызы дал ушул кинотеатрда көрсөтүлөт», — деген Кулмендеев.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт: people.kg