Ош мэриясы: Митинг катышуучулары параддын репетициясын үзгүлтүккө учуратышкан жок

800px-Osh_from_Suleymanka_mountain

Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы жер берүү талабы менен өткөн митингдин катышуучулары Жеңиш күнүнө арналган параддын репетициясын үзгүлтүккө учуратышкандыгы тууралуу тарап кеткен маалыматты четке какты. Шаар бийлигиндегилердин айтымдарында, аянттагы нааразычылык акциясы парадка даярдыктар бүткөндөн кийин болгон.

Шаар мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Камиль Сыдыков Kloop.kgге берген маегинде митингдин катышуучулары репетицияны үзгүлтүккө учураткандыктары тууралуу тарап кеткен маалымат «жаңылыштыктан» улам пайда болгонун билдирди.

Репетициянын үзгүлтүккө учуратылгандыгы тууралуу маалыматты АКИпресс» жана «24.kg» агенттиктери сыяктуу Кыргызстандын бир нече маалымат каражаттары жазышкан.

«Чындыгында репетиция ийгиликтүү аяктаган, жөн гана жабдууларды өз учурунда алууга жетишпей калышкан», — деп түшүндүрдү Сыдыков.

Маалымат агенттиктер өз материалдарында ИИМдин Ош аймактык бөлүмүнө шилтеме жасашкан.

Түштүк борбордун аянтына Оштун айланасынан жер берүүнү талабы менен 500дөй киши чогулуп, Кыргызстанда 9-майда белгилене турган Жеңиш күнүнө арналган майрамдык параддын репетициясын үзгүлтүккө учуратышты.

Көп өтпөй нааразы болгон эл тарай баштаган, бирок аянтта талаптары аткарылмайынча митингдерди уланта берүүнү көздөп жатышкан 50 аялдан турган топ калган.

Митингдин катышуучулары Ош облусунун Алай, Кара-Суу, Ноокат, Араван жана Кара-Кулжа райондорунан келишкен.

Митингдин чыгуусуна өкмөттүн бири-бирине карама-каршы келген токтомдору себеп болгон.

Алардын бирине ылайык, Оштун айланасындагы жерлер шаарда каттоого турган жарандарга гана берилиши керек болсо, башкасына ылайык, Ошто жашаган каалаган муктаж киши жер тилкесиг ала алат.

Автор: Olya M.

Редактор: Шахида Дүйшеева