АФК президентинин кубогу: «Дордой» 1-1 КРЛ

AFCPresCupLogo

Футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону Бишкектин «Дордой» клубу — өзүнүн Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогундагы кампаниясын тең чыгуу менен баштады – команда  пакистандык КРЛ клубу менен беттешти.

Буга чейин бул турнирди эки жолу жеңип алган Бишкек клубу оюндун биринчи жарым бөлүгүндө үстөмдүгүн көрсөттү.

Бишкектиктер оюн эсебин КРЛдин дарбазачысы Сакиб Ханифтин ийгиликсиз аракетинен пайдаланып беттештин 23-мүнөтүндө ачышты — пакистандык дарбазачы Мирлан Мурзаевдин соккусун тоскону менен топ дал Вадим Харченкого барып, кыргыз жарым коргоочуцсу ал мүмкүнчүлүгүн туура пайдалана алды.

Бирок «Дордой» Филиппиндин Себу шаарында өтүп жаткан оюнда артыкчылыгын сактап кала алган жок.

Бишкектиктердин коргоочулары өз айып аянтчысында КРЛдин чабуулчусу Калимуллга каршы оюн эрежесин бузушту – бул үчүн белгиленген он бир кадамдык айып соккусун Самар Ишак эч кынтыксыз аткарып, беттештин 49-мүнөтүндө эсепти теңеди.

Оюндагы артыкчылыктарына карабастан «Дордой» беттештин аягына чейин алдыга озуп чыга алган жок.

В тобунун башка оюнунда филиппиндик «Глобал» клубу Бутандын «Йидзина» командасын 5:0 ири эсебинде утуп кетти.

АФК президентинин кубогу – Азиянын эң төмөнкү рейтингдеги өлкөлөрүнүн чемпиондорунун арасында өткөрүлө турган мелдеш.

Ага 2013-жылы үч топко төрт-төрт командадан бөлүштүрүгөн 12 клуб катышат.

Сентябрда боло турган мелдештин финалдык бөлүгүнө ар бир топтон экиден команда өтөт.

«Дордой» президенттин кубогун эки жолу жеңип алган — 2006чы жана 2007-жылдары.

Автор: Бектур Искендер