Камактагы оппозиционердин жактоочулары УКМКны сотко берди

Desktop

«Ата-Журттун» камактагы депутаты Садыр Жапаровдун жактоочулары УКМКга даттанып сотко кайрылышты. Алар жактоого алышкан саясатчыны атайын кызматтагылар ооруканадан «мыйзамсыз» алып кетип калышкан деп эсептешүүдө. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети четке кагып жатат.

Жапаровдун жактоочусу Акин Токталиев «ата-журтчу» Садыр Жапаров операцияга даярдык көрүү үчүн апрелде төртүнчү шаардык ооруканага жеткирилгендигин, бирок атайын кызматтагылар аны 2-июнь күнү эч кимге эскертпей туруп эле алып кетип калгандыктарын Kloop.kgге билдирди.

«Жапаровго операция жасалмак. Бирок операцияга чейин аны даярдап, дарылануудан өткөрүүлөрү зарыл болчу», — деди жактоочу.

Сот жообуна тартылып жаткан саясатчынын экинчи жактоочусу Шарабидин Токтосунов Токталиевдин айткандарын ырастап берди.

«Дарыгерлер Жапаровду операцияга бир ай бою даярдашты, анын «грыжасы» бар. Ага операция жасалышы керек болчу, бирок аны алып кетип калышты. Эми кайрадан даярдаш керек болуп калат», — деп билдирди Токтосунов.

Эки жактоочу тең атайын кызматтагылар алгач саясатчынын чыгарып кетип бара жаткандыктары жөнүндө билдиришип, дарыгерлердин Жапаровдун дени сактыгы тууралуу корутундусун алуулары керек болчу деп эсептешет.

«Бул адамды уурдоо болуп эсептелет. Болгондо да дем алыш күнү алып кетишти. Алар эч кандай маалымкат жок, дарыгерлердин уруксатысыз, эч кимге эскертпей туруп эле алып кетип калышкан. Мен муну мыйзамсыз аракет деп эсептейм» , — деп нааразычылыгын билдирди Токталиев.

Токтосунов атайын кызматтагылардын аракетине карата даттануу 3-июнда Биринчи май райондук сотуна берилгендигин айтты.

Ооруканада Жапаров менен бирге анын партиялашы Талант Мамытов дагы бар болчу. Аны да эч кимге эскертпестен эле 2-июнь күнү УКМКга алып кетип калышкан.

Бирок саясатчынын жактоочусу Искендер Журабаев атайын кызматтагыларга карата даттануу жазууну көздөбөй эле.

«Сыягы бул Түштүктө жана Ысык-Көл облусунда болгон окуяларга [“Кумтөрдү” улутташтыруу талабы менен өтүп жаткан митигдерге] байланыштуу окшойт, алар ал окуяларга депутаттардын тиешелери бар деп эсептешкен го», — деди ал.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети болсо Жапаров менен Мамытовду ооруканадан чыгарып кетүүдө алар тараптан мыйзам бузулган эмес деп эсептеп жатышат.

«Алар УКМКнын тергөө абагынын медициналык бөлүмүнө которулушкан. Муну менен катар алар тараптан кандайдыр бир даттануулар болгон эмес», — деп жазылган атайын кызматтагылар таркаткан билдирүүдө.

УКМК бул аракетин «Кылмыш кылган жана кылмышка шектелип кармалган адамдарды камакта кармоонун шарттары жана тартиби жөнүндөгү» мыйзам менен түшүндүрүп жатат.

Бирок атайын кызматтагылар ал мыйзамдын кайсыл пунктуна таянып жаткандыктарын тактабай эле.

Автор: Нурия Рыскулова