Митингчилер атайын кызматтагылар тарабынан 1-июнда кармалган лидери Медер Үсөнов менен жолуккандан кийин Бишкек-Ош унаа жолун ачышты. УКМК аны Жалал-Абаддын жашоочуларынын жеке кепилдиги менен бошотту.
«Ата-Журт» партиясынын тарапташтары Сузак районунун Барпы айылында төрт күн бою стратегиялык маанидеги Бишкек-Ош унаа жолун тосуп турушкан. Алар 1-июнь күнү эртең менен атайын кызматтагылар тарабынан кармалган лидери Медер Үсөновдун бошотулушун талап кылышкан.
4-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Үсөновду Жалал-Абаддын жашоочуларынын жеке кепилдиги менен бошотту.
Митингдин уюштуруучуларынын бири Алан Шакиров Kloop.kgге берген маегинде акция катышуучулары жолду ачкандыктарын билдирди.
«Үсөнов келээри менен биз жолду ачтык. Обладминистрацияны да бошотобуз», — деди ал.
Анын айткандарын «Азаттык» радиосунун журналисти Азамат Тынаевдин твиттерде жазган билдирүүлөрү да ырастайт.
«Медер Үсөнов жолду ачууга чакырды! "элди кыйнабайбыз, бизди ансыз деле каргап-шилеп жатышат" деп. Анан жолду ачып башташты! ура!», - деп жазган ал.
Тынаев ошондой эле нааразычылык акциянын катышуучулары эгер «Ата-Журттун» камактагы лидерлери Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдор эркиндикке чыгарылбаса жолду кайрадан тосууну көздөп жаткандыктарын жазган. Саясатчылар өткөн жылдын күзүндө «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен өткөн митингде «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталышкан.
«Жалал-Абадда Ата Журттун депутаттарын эркиндикке чыгаруу талабын коюп, андай болбосо 8-июнда кайрадан жолду тособуз деп коркутуп жатышат», - деп жазган Тынаев.
Бирок бул маалыматты Шакиров ырастап берген жок.
Ал учурда Үсөнов акция катышуучулары менен бирге Жалал-Абад обладминистрациясын көздөй жөнөй тургандыктарын кошумчалады. Митинг катышуучулары администрация имаратын 31-майдын кечинен бери кармап турушат.
Атайын кызматтагылар Үсөновду 2-июнь күнү эртең менен кармап кетишкен. Ага карата «бийликти күч колдонуп басып алуу» жана «эл алдында конституциялык түзүмдү күчтөп өзгөртүүгө чакырык жасоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Күнөөлөрү далилденсе ал 21 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Үсөнов кармалган күнү эле оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын тарапташтары стратегиялык маанидеги Бишкек-Ош унаа жолун тосуп алышкан.
«Кумтөргө» байланышкан митинг
Жалал-Абаддагы нааразычылык акциясы Кыргызстан менен канадалык «Центерра Голд» компаниясы биргеликте ээлик кылган «Кумтөр» кени жайгашкан Ысык-Көлдөгү нааразычылыктардан кийин башталган.
Ысык-Көлдөгү митинг катышуучулары бир нече күн бою бийик тоолуу жерде жайгашкан кенге барчу жалгыз жолду тосушуп, аны камалап турушкан.
30-май күнү кечинде алар «Кумтөргө» электр энергиясын берип турган көмөкчордонду басып алышып, заводду электр кубатысыз калтырышкан.
Алар ошондой эле «Кумтөрдүн» улутташтырылышын, ошондой эле алтын өндүрүүчү ишкананын кирешесинен Ысык-Көл облусунун өнүгүшү үчүн көбүрөөк каражаттын бөлүнүшүн талап кылышкан.
Ысык-Көл облусуна премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев барып, өкмөт андагы чогулгандар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин аймактагы митинг токтоп, заводдун иши кайрадан жандандырылган.
Авторлор:Александра Ли, Атамбаев Нурмухаммед жана Евгений Погребняк