Талибдер кыргызстандык барымтадагы учкучту бошотушту

Letchik-iz-KR

Кыргызстандык учкуч Нургазы Конушбаев бир айлык барымтадан кийин оогандык талибдер тарабынан бошотулду. Анын мекенине 12-июнда кайтып келиши күтүлүүдө.

Конушбаев менен бирге аны менен бир тик учакта учуп бара жаткан дагы тогуз адам барымтага алынышкан.

Бүгүнкү күнгө карата ал барымтадагы тогуз адамдын сегизи бошотулду.

Конушбаевден башка бошотулгандардын бардыгы тең Түркиянын жарандары. Талибдерде барымтада Россиянын жараны менен кыргызстандыктын башкаруусундагы тик учак менен учуп бара жаткан дагы бир оогандык адам калды.

«Лента.ру» сайты кыргызстандык менен түрктөр мусулман болгондуктан бошотулгандыктарын билдирди. Азырынча бул маалыматтын тууралыгын башка булактардан текшерүүгө мүмкүн эмес.

Конушбаевдин бошотулушуна Россия менен Кыргызстандын дипломаттарынын жардамдары тийген болушу мүмкүн — бул тууралуу Kloop.kgнин журналисттерине Россиянын Бишкектеги элчилигинин басма сөз качысы Виктор Харченко билдирди.

«Мунун артында Россия менен Кыргызстандын дипломаттарынын эмгектери турушу мүмкүн. Андан кийин гана бул көйгөйдү тынчтык жол менен чечүүгө мүмкүн болгон», — деди Харченко.

Кыргызстандын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматы боюнча, Конушбаев Бишкекке 12-июнь күнү эртең менен учуп келет.

Кыргызстандык учкуч 21-апрелде, Ооганстандын чыгышындагы Логар аймагында Ми-8 тик учагы менен аргасыз конууга мажбур болушканда барымтага түшүп калган.

Кыргызстандык менен анын жүргүнчүлөрүн барымтага алгандар талибдер болгондугун ооган расмий бийлиги менен 2001-жылы талибдерге каршы компания башкатлагандан бери ал өлкөдө жүрүшкөн Коопсуздукка кол кабыш кылуу эл аралык күчтөрдүн өкүлдөрү билдиришкен.

Ооган жеке авикомпаниясына тиешелүү болгон тик учак начар аба ырайынан улам аргасыз конууга мажбур болгон.

Автор:Дильшад Камирдинов

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды