Парламент Жогорку Кеңешке өткөн партияларды мамлекеттик бюджеттен каржылоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун карайт. Сурамжыланган депутаттар бул демилгени колдоп жатышат, бирок саясий серепчилер ага бюджеттеги акчанын жетпей тургандыгын айтышууда.
«Партияларды мамлекеттик каржылоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору 11-июнда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети тарабынан жактырылды. Эми аны парламент карап баштайт.
Учурда парламенттик партиялардын бардыгы тең эле өздөрүн өзүлөрү каржылашат, бирок мыйзам долбоорунун демилгечиси, «Ар-Намыс» партиясынан депутат Айнуру Алтыбаева мамлекет аларга акча бөлүшү керек деп эсептейт.
«Анда акыркы шайлоолордо беш пайыздан аз эмес добушка ээ болгон партияларга [парламентке өткөн партияларга] бюджеттен мамлекеттик төлөмдөр сунушталып жатат», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
Алтыбаева мыйзам долбоорунда партиялар мамлекеттик каражаттарды кайсыл жактарга жумшай тургандыктары жазылбагандыгын түшүндүрдү.
«Партия өзү чечет. Партиянын курулушу, өнүгүшү үчүн пайдаланышы мүмкүн, бирок мамлекеттик каржылоо болуп жаткандыктан мамлекет акча кайсыл жакка жумшалып жаткандыгын көзөмөлгө алууга укуктуу», — деп түшүндүрдү парламентарий.
КСДП фракциясынан депутат Замир Алымбеков бул мыйзам долбоорун колдойт.
«Мындай практика көп өлкөлөрдө бар, мисалы Германияда. Мен партиялардын мамлекеттик бюджеттен каржыланышын туура деп эсептейм. Ал эми биздин бюджеттин алы жетеби жокпу ал башка маселе», — деп билдирди өз пикирин Алымбеков Kloop.kgге берген маегинде.
Кесиптешинин пикири менен партиясыз парламентарий Роман Шин да макул болду.
«Биз Орусиянын жолу менен баратат окшойбуз, анткени ал жакта парламенттеги партияларды мамлекет каржылайт. Мен муну туура деп эсептейм», — деди ал.
Бюджетте акча жок
Kloop.kgнин кабарчылары тарабынан сурамжыланган саясий серепчилер партияларды каржылоого бюджетте каражат жок деген пикирлерин билдиришти.
«Ооба, бул керек. Бирок биздин мамлекет кедей, акчасы жок, ошондуктан аларга нормалдуу төлөп бере албайт, болгону ошо. А негизинен акырындык менен албетте каржыланышы керек», — деди Марат Казакпаев Kloop.kgге берген маегинде.
Саясий серепчи Токтогул Какчекеев Kloop.kgге берген маегинде партиялардын мамлекеттик бюджеттен каржыланышына каршы экендигин билдирди.
«Азыркы бийликтеги партиялар болобу же ага умтулуп жаткан партияларбы бардыгы тең тиешелүү иштерин өз каражаттарынын эсебинен жасоолору керек. Бүгүнкү күндө өлкө бюджетинде акча жок» — деп эсептейт ал.
«Партияларды бакпайм»
Ал арада Кыргызстандагы популярдуу «Дизель» веб-форумунун колдонуучулары парламенттин мындай демилгесин сынга алышты.
Дизелдин aidartutu деген колдонуучусу депутаттарды баккысы келбегендигин жазган.
«Мен эми эмне партияларды да багамбы, жок, силер жаныңарды өзүңөр баккыла, мен кедей элди: мугалимдерди, дарыгерлерди, короочуларды, академиктерди, окумуштууларды, студенттерди, тарбиячыларды, милиционерлерди, аскер кызматындагыларды, абактагыларды жана силерди – депутаттарды багышым керек! Мага өз партияларыңарды кошконду токтоткула! Карагылачы, алар өлкө боюнча канча, 100дөн да ашык[...]», — деп жазган ал.
Форумдун Templ деген ысым менен катталган башка колдонуучусу парламентарийлердин бул идеясын «чектен ашкандык» деп атады.
«Мындай чектен ашкандыкты канчага чейин чыдайбыз?! Мугалимдердин, дарыгерлердин, милиция кызматкерлеринин, пенсионерлерлердин акчаларын жогорулатуу — акыл жетпейт… Бирок сүйүктүү өздөрүнө уламдан улам көп акча бөлүп жатышат…», — деп нааразы болгон Дизелдин колдонуучусу.
Авторлор: Тилек Бейшеналиев жана Айшоола Айсаева
Редактор: Айдай Токоева