Бүгүн Бишкек шаардык прокуратурасы орус драмалык театрынын мурунку директору Борис Воробьевго күнөө тагат. Ал 19-июнь күнү кармалып, Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайына камалган, кечээ кечинде болсо ал ооруканага жаткырылды.
Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сейитжан Апышев бүгүн Воробьевго күнөө кое тургандыктарын Kloop.kgге билдирди.
Апышев орус драмалык театрдын мурунку директорунун ооруканага жаткырылышынын себебин билбейм деди.
Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Воробьев эки күн камакта жаткан убактылуу кармоочу жайдан аны 20-июнь күнү кечинде ооруканага алып кеткендиктерин билдирди.
Сейитовдун айтымында, тез жардам кызматы Воробьев өзүн жаман сезип баштагандыктан улам келген.
Басма сөз катчы орус драмтеатрынын мунунку директору кайсы ооруканага жеткирилгендигин жана анын эмне себептен ооруп калгандыгын билбейт.
Ишти иликтөө менен Бишкек шаардык прокуратурсы алектенип жатат.
Воробьевго карата үч берене боюнча кылмыш иши козголгон: «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «документтерди, мөөрлөрдү жоготуу, бузуу жана жашыруу» жана «кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу». Бул кылмыштар үчүн кылмыш кодексинде 13 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган
Комментарий алуу үчүн театрдын мурунку директорунун жактоочусу жеткиликсиз болууда.
Воробьев кызматынан 2-апрель күнү кечинде четтетилген. Маданият министрлиги Воробьевду кызматтан кетирүүгө анын «көптөгөн мыйзам бузуулары» себеп болгондугун билдирген
Мурунку директор болсо маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаевге «пара» берүүдөн баш тарткандыгы үчүн кызматтан кетиришкендигин айткан.
Базарбаев мурунку директордун бул айткандарын четке кагып, Воробьев театрды «көңүл ачуучу борборго» айландырып, аны акча талап кылган деп айыптоо менен жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө аракет жасап жаткандыгын билдирген.
Театрдын мурунку башчысы аны кызматтан мыйзамсыз алышты деп эсептеп, Маданият министрлигинин чечими боюнча сотко кайрылып, андан утуп чыгууга аракет кылып жатат.
Автор: Зарема Султанбекова
Сүрөт Борис Воробьевдун «Одноклассники» социалдык түйүнүндөгү баракчасынан алынды