Кадамжай: ФАПта эми эч качан свет өчпөйт...

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Кадамжай районунун Майдан айылындагы ФАПта мындан ары свет өчпөйт. Эл аралык уюмдардын жардамы менен мында фотоэлектрикалык станция жана атайын микро ГЭС курулду. Дарыгерлер бул алардын иши үчүн чоң жардам экенин айтып кубанышууда. Анткени буга чейин свет өчкөн мезгилде бейтаптарга медициналык жардам көргөзүү кыйын болуп келген.

«Электр маал-маалы менен өчүрүлгөндүгүнө байланыштуу ооруканаларда жана ФАПтарда калкка кызмат көрсөтүү төмөн болуп келген. Себеби медициналык инструменттерди стерилизациялоо мүмкүнчүлүгү болбойт, муздаткычтар да иштебейт. Алардын ичиндеги вакциналар бузулат жана чоң чыгашага алып келчү эле”,-деп кеп баштайт айылдын баш дарыгери Жаңыбай Исмаилов. 

Жаңыбай Исмаилов.
Жаңыбай Исмаилов.

Майдан кыштагында ФАП 1962-жылы курулган. Мында учурда 3848 кишиге медициналык жардам көргөзүлөт. Алардын баарын 3 дарыгер, жети мээрбан, үч санитарка тейлечү.

“Бизге ушул фотоэлектростанция орнотулганы жыргап эле калдык. Үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз болдук. Буга чейин жарык тез-тез өчүрүлгөндүгүнө байланыштуу көптөгөн көйгөйлөр туулган. Биз жаз-жай мезгилинде 250-300 квт, эми кышында болсо 1000 квтка чейин колдонобуз”,-дейт Исмаилов.

Майдан айылынын тургуну Мурат Калыков:

“Биздин аймак тоолуу болгондугуна байланыштуу катуу шамал болуп турат. Электр жарыгы тез-тез өчүрүлөт. Бактыбызга фотоэлектростанция орнотулуп, эми свет өчпөй туруктуу болуп калды. Менин оюмча бул аппаратты тоок фабрикасын иштеткен ишмерлер, бизнесмендер дегеле мамлекетибиздин жарандары колдонсо жакшы болот”.Адис Болотбек Батилов, ЮНИДО БУУ:

Болотбек Батилов
Болотбек Батилов

“Фотоэлектрикалык панель Майдан кыштагына алгачкы жолу орнотулду. Убагы келгенде мындай станциялар карапайым калктын чөнтөгүнө да ыңгайлуу болуп калат. Биз бир нече нусканы ФАПтарга орноттук. Жеке компаниялар, жеке ишкерлер сатып алса да болот. Бул калкыбызда жаңы ыкма. Салттуу электр энергияны алуудан сырткары да альтернативдүү жолдор да бар. Жакынкы келечекте бул микро ГЭС жана фотоэлектростанциялар эркин сатыкка чыгат. Күн каражаттары жана микро ГЭС ФАПты электр энергия менен толук камсыз кылууга кудурети жетет. Автономдуулукту жана үзгултүксүз электр энергия менен камсыз кылды”.

 

3

Солдон оңго (контролер заряда аккумуляторов РСМ-8048), (Блок автоматических выключателей постоянного тока DCDB)

(Инвертор PIP6048 LC6/12 КВТ), (Панель защиты и учетаэлектроэнергии ACDB)

4

(Панель защиты и учета электро энергии ACDB)

5

(Батарея аккумуляторов 24шт. FL210000SL2B)

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

(Фотоэлектрикалык панель – күндүн нурун электр энергияга айландырат).

Саламаттыкты сактоо министирлиги, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму, БУУнун өнүктүрүү программасы фельдшердик-акушердик пункттарда жана ФАПтарда «үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыз кылуу» долбоорун ишке ашырды. БУУнун бирдиктүү программасы жалпы 665 АКШ долларлык каржылык колдоо көрсөттү.

Нурдин Орозалиев
Нурдин Орозалиев

Нурдин Орозалиев, БУУнун өнүктүрүү программасынын “МикроГЭСтерди өнүктүрүү” долбоорунун адиси: 

«Свет өчкөн убакта көбүнчө ФАПтар жана ооруканалар жабыр тартышат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму электр энергияны алуучу булактарды жаңылоо демилгесин көтөрдү. Өлкөбүздүн 7 областында, 15 эң алыскы жайгашкан ФАПтарга фотоэлектрикалык станциялар жана кичи ГЭСтер орнотулду биз азырынча ФАПтарга гана фотоэлектрикалык станцияларды жана микро ГЭСтерди орноттук".  

9

МикроГЭС.

10

ФАПтын бейтаптары

11

Журналисттерге  микро ГЭСтин иштөө ыкмасы көргөзүлүүдө.

12

Майдан айыл округу.

13

Айылдын тургундары жаңы жабдыктарды талкуулап жатышат.

14

ФАПтын пациенттери үчун күндүн нурунан алынган электр энергия жаңылык.

Светлана Байтикова, оңдо  акыркы
Светлана Байтикова, оңдо акыркы

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Светлана Байтикова фотоэлектростанциянын иштөө ыкмасын түшүндүрүп жатат:

«Азыркы учурда бүткүл дүйнөдө энергия үчүн күрөш болууда жана жаңы альтернативдүү булактар, көйгөйлүү маселени чечүүнүн жолдорунун бири. Бизде Кыргызстанда суу азайып бара жатат жана күз кыш мезгилде электр энергия көйгөйлүү болушу мүмкүн. Фотоэлектрикалык станциялар жана Микро ГЭСтер  альтернативдүү болуп эсептелет. Биз бул жака башка айыл округдардын өкүлдөрүн чакырабыз. Алар да өз көздөрү менен көрүп, колдору менен кармап ишенип, салттуу энергиядан да башка жолдор бар экендигине ынанышса”.

Таалайбек Азимов
Таалайбек Азимов

Таалайбек Азимов, менеджер ПРООН,  Баткен облусу:

"Фотоэлектрикалык станциялар БУУнун ЮНИДО программасы тарабынан, ал эми микро ГЭС ПРООН дон каржыланды.

Кыргызстан боюнча  14 фото электростанция, 7 Микро ГЭС орнотулду. Бул жылы план коюлууда. 3 фотоэлектрикалык панель жана 3 Микро ГЭС курууга Кара-Суу районундагы Барак айылына, Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылына, Өзгөн районундагы Салам-Алик кыштагына дагы орнотулмакчы".

Автор: Элиза Таштанова, сүрөттөр автордуку. 

Редактор: Эрнист Нурматов.