Баткен облусу: Чек арачылар үңкүрдө жашаган тажикстандыкты кармашты

pills

Баткен облусундагы үңкүрдө мыйзамсыз жашап жатканда кармалган Тажикстандын жаранын өз өлкөсүнүн укук коргоо органдарына өткөрүп беришти. Кыргызстандын чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, ал адам «психикалык жактан» ооруйт.

Чек арачыларга үңкүрдө жашаган белгисиз адам жөнүндө Баткен облусунун ыктыярчы элдик тобу билдирген.

Чек арачылар Тажикстандын жаранын Табыштамдык өзөнүнүн тоолуу аймагынан кармашкан.

«Издөө иштеринин жүрүшүндө чек арачылар тарабынан Тажикстан Республикасынын жараны жашырынып жүргөн үңкүр табылган. Үңкүрдү тинтүүдө бир айга жете турган азык-түлүк жана эң керектүү болгон буюмдар – идиш-аяк, шам, шитеңке, чатыр, төшөк жана кийимдер табылган», — деп билдирет чек ара кызматы.

Анын маалыматы боюнча, кармалган адам «психикалык жактан» ооруйт. Ал адамдын үңкүрдө канча жашагандыгы айтылбай эле.

Кыргызстандын Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматынан кармалган адам укук коргоо органдары тарабынан суракка алынып, ошолор тарабынан «оорусу» аныкталгандыгын Kloop.kgге билдиришти.

Кармалган адамды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусундагы башкармалыгына, андан соң Тажикстандын укук коргоо органдарына өткөрүп беришти.

Автор: Зарема Султанбекова