Орусиянын компаниялары «Бител» боюнча жети жылдык териштирүүлөрдөн кийин элдешишти

996029_460595914030232_1396819249_n

МТС компаниясы Кыргызстандагы «Бител» мобилдик операторуна ээлик кылуу укугу үчүн «Альфа-групп» менен Люксембургдан Сейшельск аралдарына чейин эл аралык соттордо дээрлик жети жылдан бери соттошуп келген. Тараптар элдешүү жөнүндө макулдашууга келишти — «Бител» «Альфа-групптун» карамагында калып, МТС 150 миллион АКШ долларын алды.

«Форбс» бизнес-журналы бул «Альфа-групптун» телекоммуникациялык активдерин башкарган «Альтимо» компаниясы толугу менен өз күнөөсүн мойнуна алып, компенсация төлөп берген алгачкы учур экенин жазат.

«Мындан аркы соттук териштирүүлөр телекоммуникациялык холдингдин топ-менеджеринин кылмыш жоопкерчилигине тартылуу коркунучун жаратмак, деп болжолдойт кырдаал менен жакындан тааныш булак», — деп түшүндүрөт «Форбс».

Бирок журналдагы макалага ылайык, байкоочулар «Альтимо» макул болгон мындай тынчтык макулдашуусуна таң калышкан.

«Альтимо» Орусиядагы эң агрессивдүү акционерлердин бири катары белгилүү. Алардын эсебинде алар жеңүүчү болуп чыккан чоң соттук процесстер көп», — деп жазган «Форбс» «Вегас-Лекс» компаниясынын аналитика бөлүмүнүн жетекчиси Максим Черниговсктун айткандарын.

Бизнес-журналдын маалыматы боюнча, «Альтимо» бул макулдашууга кубанып жатат.

«КоммерсанЪ» гезити МТС да элдешүүгө ыраазы болуп, канааттангандыгын жазган.

«Тараптардын жана аларга тиешелүү болгон адамдарды ортосундагы соттук териштирүүлөрдүн бардыгы тең токтотулду, тараптар бири-бирине болгон дооматтарынан баш тартышты, а МТС болсо $150 млн. өлчөмүндөгү төлөм алат», — деп жазат гезит мобилдик оператордун билдирүүсүн.

Жети жылдык териштирүүлөр

МТС 2005-жылдын ноябрында «Бителдин» акцияларынын (учурда ишмердүүлүгүн «Билайн» бренди менен улантып жатат) 51 пайызын 150 миллион АКШ долларына сатып алган, бирок дароо эле кыргыз мобилдик операторунун акцияларынын көзөмөлдөгү пакетинен куру калган — анын активдери Кыргызстандын Жогорку сотунун чечими менен орусиялык «Резервспецмет» компаниясына өткөн.

Кийинчерээк «Бителдин» акциялары «Альтимого» таандык «Скай Мобайл» компаниясына өткөн.

Кыргызстандык соттор «Бителге» ээлик кылууга МТСтин укугу жок деп тапкан — ошондон кийин, 2007-жылдын январынан баштап орусиялык мобилдик оператор эл аралык сотторго – Лондон менен Люксембургдун Жогорку сотторуна доо арыз менен кайрылып келген, териштирүүлөр Сейшельск аралдары менен Мэн аралында болгон.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Мамлекеттик мүлк фондусунун чиновниктери менен «Бителдин» кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгогон, бирок мекемеден ал документтер 2010-жылдын 7-апрелинде өлкөнүн башкы көзөмөлдөө органынын имаратында болгон өрттө күйүп кеткендигин билдирип жатышат.

Автор: Зарема Султанбекова