Нарын: 20 килограммдык жардыргыч заты бар унаа айдоочусу кармалды

mamytov-tashiev-japarov

Нарында УКМКнын кызматкерлери 20 килограммдык жардыргыч зат жана аны аракетке келтирүүдө көмөкчү боло турган кошумча заттары бар унааны башкарып бара жаткан Жалал-Абад облусунун жашоочусун кармашты. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда камакта.

Атайын кызматтагылар аны 26-июнда кармашкан. Кармалган адамдын «Ауди» үлгүсүндөгү унаасынан алар 20 килограммдык жардыргыч зат табышкан — бул тууралуу УКМКнын пресс-релизинде жазылган.

«Унааны тинтүүдө жалпы салмагы 20 килограммга жеткен 100 даана жардыргыч зат (аммонит), капсюль детонатору бар 30 даана электр өткөрүүчү боо жана 122 метр жардыруучу боо зым табылып, алынды», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Кармалган адамдын Жалал-Абад облусунун 22 жаштагы жашоочусу экендиги аныкталды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн анын аты-жөнү ачыкталбай эле.

Ага каршы атайын кызматтагылар тарабынан «жардыргыч заттарды мыйзамсыз алуу, сатуу, сактоо, бир жерден экинчи жерге жеткирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал 50 миң сомдук айып пул төлөп же беш жылга эркинен ажырашы мүмкүн.

Учурда кармалган адам Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта.

Комментарий алуу үчүн анын жактоочусу жеткиликсиз болууда.

Тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Автор: Хлоя Гейне

Редактор: Айдай Токоева