Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында курсанттар бара жаткан кичиавтобус кырсыкка учурады — эки кыз жана бир бала каза болуп, беши жарат алышты. Ички иштер министрлиги факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизаларды дайындады.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге кырсык бүгүн эртең менен болгондугун билдирди — жолдун бет маңдай тарабына унаа чыга калып, анын жыйынтыгында курсанттар бара жаткан кичиоавтобус оодарылып кеткен.
«Учурда факты боюнча кылмыш иши козголду, тергөө иш-чаралары жана бир катар экспертизалар жүргүзүлүүдө», — деди Осмонбаев.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жабыр тарткандардын экөөсүнө дарыгерлер ордунда жардам көрсөткөндөн кийин ал курсанттар ооруканага жатуудан баш тарткандыктарын билдирди.
Жабыр тарткан дагы үч курсант Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борбору менен Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жеткирилишти.
Дагы үчөө окуя болгон жерде көз жумушкан.
«Медицина кызматкерлеринин маалыматы боюнча, жол кырсыгынын катышуучулары баш сөөк жана мээлеринен жарат алышып, денелери тытылган. Учурда алардын алган жараттары такталып, тиешелүү диагностикалар жүргүзүлүүдө», — деп жазылган министрликтин пресс-релизинде.
Борбордук тез жардам станциясынын башкы дарыгери Гүлнара Ташыбекованын айтымында, телефон чалуу тез жардам кызматына эртең мененки саат 7:30да келип түшкөн.
«Жапжаш, 18 жана 19 жаштардагы балдар каза болду», — деп жазган Ташыбекова өзүнүн “Фейсбук” социалдык түйүнүндөгү баракчасына.
Автор: Зарема Султанбекова
Видеону «Билайв» видеоресурсунун sequia деген колдонуучусу жайгаштырган