Орусия: Москванын базарларында дээрлик миңге жакын мигрант кармалды [+ эки видео]

Москва полициясы тарабынан өткөрүлгөн рейддер зордуктоого шектелген адамды колго түшүрүү маалында опер кызматкери сабалгандан кийин башталган. Эки күндүк «тазалоо иштеринин» жүрүшүндө миңге жакын соодагер кармалган, алардын көпчүлүк бөлүгүн Орто Азия жана Түндүк Кавказ өлкөлөрүнөн барган мигранттар түзүшөт.

Тазалоо иштери педофилдикке шектелген 18 жаштагы Магомед Магомедовду кармоо маалында Москванын опер кызматкерлери Матвеев базарындагы жумушчулар тараптан каршылык көрсөтүүлөргө кабылгандан кийин башталган.

Токмоктолгон опер кызматкеринин версиясы боюнча, кармоо маалында аларга 20 кишиден турган топ кол салган, алардын бири полиция кызматкерин кастет менен башка урганда ал эс-учун жоготуп койгон.

Опер кызматкерине кол салуу маалында тартылып алынган видео:

«Көңүлүм денеме зыян келтирүүгө аракет кылып жаткан аялдарга  бурул, алаксып калганда мен дал ошол кишиге карагам, денемдеги негизги жараттарды ошол келтирген. Тигине видеодогу көк футболка кийип жүргөн киши», — деген полиция кызматкери Москва полициясынын басма сөз кызматына берген маегинде.

Бул окуя Москванын түштүк-батышындагы базарларда ири масштабдагы рейддердин өткөрүлүшүнө алып келген — эки жарым күндүн ичинде анда миңге жакын, негизинен Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнөн барышкан соодагерлер менен мигранттар кармалышкан.

Орус полициясы бул аракетин «буга чейин кылмыш кылган адамдарды аныктоо, ошондой эле Орусиянын аймагында мыйзамдуу негизде иштеп жаткандыгын текшерүү» үчүн жасалгандыгы менен негиздеп жатат.

«Аны менен катар полиция тиешелүү уруксат кагаздары жок орнотулган соода чатырларын да тапты. Учурда полиция кызматкерлери тарабынан ал соода жайларынын ээлерин аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп жазылган Орусия ИИМинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын сайтында.

Ошондой эле Москва полициясы тарабынан опер кызматкер Магомед Расулов менен анын жубайы Халиматка кол салууга шектелген адамдарды кармады.

Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, алар «укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча өмүр бою эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский анын мекемеси Москва полициясы менен биргеликте иштеп жаткандыгын билдирди.

«Эгер полиция өз укуктарынын чегинде мыйзам бузууларды аныктаса биз да ал жарандарды өз багытыбыз боюнча карап чыгабыз, эгер мыйзам бузуулар болсо […], анда биз ал жаранды мындай эки жолку мыйзам бузуудан кийин анын РФга кирүүсүнө тыюу салынаары тууралуу кабардар кылууга укуктуубуз», — деп билдирди Федералдык миграция кызматынын башчысы.

Азырынча Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилиги менен тышкы саясий мекемелери тарабынан эч кандай реакция боло элек.

Автор: Эльдияр Арыкбаев