Москва: Полициянын рейдинен кийин кармалган миңдеген мигранттардын арасындагы кыргызстандыктар

kloop_logo1

Москва шаарынын укук коргоо органдары Орусиянын борборундагы мигарттарды кармоо иш-чарасын улантууда, алардын арасында кыргызстандыктар да бар. Кыргызстандын ТИМи азырынча кармалгандыгы боюнча республика жарандарынан сурамдар келип түшө электигин билдирүүдө.   

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгы бир жарым миңдей мигрантты кармоо боюнча күч колдонулган ири масштабдагы операция жүргүзүүдө.

Москва полициясынын пресс-релизине ылайык, ал рейддин жыйынтыгында Вьетнам, Египет, Марокко, Сирия, Кыргызстан, Азербайжан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн барып «мыйзамсыз жүргөн мигранттар» кармалган.

Полициянын билдирүүсү боюнча, кыргызстандыктар башка миграттар менен бирге дене тарбия жана ден соолукту жакшыртуучу ишкананын аймагынан кармалышкан.

«Алардын кээ бирлеринде тиешелүү уруксат кагаздары жок зыян келтирүүчү жана атылма куралдар бар болгон», – деп билдирди Москва полициясы.

«Азырынча элчиликке кайрылгандар жок»

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан азырынча кыргызстандыктардын кармалгандыгы боюнча айтылып жаткан маалыматты ырастай албай тургандыктарын билдиришти.

Учурда Кыргызстандын Москвадагы элчилиги кыргызстандыктардын кармалгандыгы тууралуу айтылган маалыматты текшерүүнүн үстүндө иштеп жатат, деп айтышты ТИМдин басма сөз кызматынан.

«Биздин элчиликтин маалыматы боюнча, азырынча Москвада жашаган жарандардан туугандарынын же тааныштарынын кармалгандыгы боюнча расмий кайрылуулар жок», – деди ТИМдин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков.

Анын айтымында, кыргыз элчилиги тизмелерде кыргызстандыктардын бар-жоктугун тактоо боюнча орус тарапка расмий сурам жөнөткөн.

Мигранттардын кармалышы

Бул акыркы эки күндүн ичинде Москвадагы эмгек мигранттарын кармоо боюнча өткөрүлгөн экинчи ири масштабдагы рейд.

Шаардын түштүк-батыш бөлүгүндөгү базарларды «тазалоо» боюнча рейд педофилдикке айыпталып жаткан Магомед Расуловду кармоо маалында опер кызматкеринин сабалышынан кийин башталган.

Орус ММКларынын билдирүүлөрү боюнча, «Тазалоо» иштеринин жыйынтыгында Орто Азия жана Түндүк Кавказ өлкөлөрүнөн барган эки миңдей мигрант кармалган. Москва полициясы болсо Орто Азиядан барган 530 жана Кавказдан барган 30 мигрант кармалгандыгы боюнча маалымат таратууда.

Автор: Улугбек Акишев