Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанга алынып келинип жаткан украин компанияларынын кондитер азыктарын текшерип баштады. Текшерүүлөр Орусия «Рошен» украиналык компаниясынын азыктарын киргизүүгө тыюу салгандан кийин башталды.
Текшерүүлөргө «Рошен» компаниясы менен Орусиянын Кардардын укуктарын коргоо жана адамдардын саламаттыгы тармагы боюнча көзөмөл жүргүзүү федералдык кызматынын ортосундагы жаңжал себеп болгон — Орусия бийлиги украин өндүрүүчүсүнүн продукциясынын сапатындагы көйгөйлөрдү айтып, андан соң алардын кондитер азыктарынын бардыгын тең өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салган.
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алындагы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков Kloop.kgге берген маегинде мекеме Украинадан алынып келинген бардык кондитер азыктарына лабораториялык изилдөө жүргүзөөрүн билдирди.
«Бизге кондитердик азыктарды Украинадан өтө ири көлөмдө алып келишет. Биз рыноктогу Украинадан алынып келинген кондитер азыктарын карап чыгып, аларга толук лабораториялык изилдөө жүргүзөбүз. Эгер чектен чыгуулар болсо тиешелүү чаралар көрүлөт. Орусия көптөгөн санитардык нормалардын бузулушун аныктап чыкты, аны менен катар бензапирен да табышты», — деди Исаков.
Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Украинадан келген азыктарды лабораториялык изилдөө 10 күнгө созулуп, андан кийин корутунду чыгарылаарын айтты.
«Рошендин» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Анара Жапарова Kloop.kgге берген маегинде компаниянын продукциялары бардык санитардык нормаларга жооп берээрин билдирди.
«Мен кайсы бир кооптуу заттарды таап чыгышат деп ойлобойм, анткени бүгүнкү күндө “Рошен” компаниясы Германияда чыккан жогорку тактыктагы лабораторияга ээ. Ал өзүнүн соода маркасын ардактаган өтө көрүнүктүү корпорация. Эгер ал продукцияларды биздин санитардык эпидемиологиялык станция текшерсе мен болгону ага сүйүнөм», — дейт Жапарова.
Анын айтымында, компаниянын момпосуйлары жыл сайын тиешелүү санитардык текшерүүлөрдөн өтөт.
«Биз мамлекеттик стандарт тарабынан тиешелүү кагаздарды жеткирмейинче биздин бажы органдар аларды өткөрбөйт», — деди өкүлчүлүктүн директору.
Жапарованын айтымында, «Рошен» момпосуйларынын кыргыз кондитер азыктарынын рыногундагы үлүшү 40 пайызды түзөт.
«Рошенге» Орусияда тыюу салынышы
2013-жылдын июль айынын аягында Орусиянын Кардардын укуктарын коргоо жана адамдардын саламаттыгы тармагы боюнча көзөмөл жүргүзүү федералдык кызматы «Рошен» компаниясынын азыктарын өлкөгө киргизүүгө тыюу салган. Аталган компания Украинада кондитер азыктарын чыгаруучу ири өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат.
Орусиянын Кардардын укуктарын коргоо жана адамдардын саламаттыгы тармагы боюнча көзөмөл жүргүзүү кызматынын башчысы Геннадий Онищенконун айтымында, Москванын соода түйүндөрүнөн тандалып алынган «Рошен» компаниясынын продукцияларына жүргүзүлгөн экспертиза ал кондитер азыктары белгиленген параметрлерге туура келбей тургандыгын аныктагандыгын билдирген.
Онищенко компаниянын сүттөн жасалган шоколадында күчтүү канцерген заты катары эсептелинген бензопирен бар болгондугун белгилеген.
Орусия менен удаа эле «Рошен» компаниясынын продуктуларын Тажикстан, Казакстан, Молдова жана Белоруссия өлкөлөрү текшере башташкан.
Автор: Карина Жолдошева