11 жылга соттолгон депутат Түлеев өкүм боюнча шаардык сотко даттанды

images.stories.281_500x324

Бишкек шаарынын мурунку мэри жана парламент депутаты Нариман Түлеев аны үй-мүлкүн конфискациялоо менен катаал режимдеги абакка 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмү боюнча шаардык сотко даттанды.

Түлеевдин жактоочулары райондук соттун өкүмү боюнча жогорку инстанциядагы — Бишкек шаардык сотуна даттанышты.

Мурунку мэрдин жактоочуларынын бири Кубанычбек Ташбалтаевдин айтымында, шаардык сотко апелляциялык даттануу арызы өткөн аптада эле берилген.

«Отурум боло турган күн белгилене элек. Жакынкы күндөрү калган жактоочулар да шаардык сотко даттанышат», — деп жазган «Вечерний Бишкектин» интернет-басылмасы Ташбалтаевдин айткандарын.

Түлеев менен бирге бул иште күнөөлүү катары өтүп жаткан мурунку вице-мэр Валерий Корниенконун жактоочусу Дмитрий Лубинцов дагы Ленин райондук сотунун чечими боюнча даттанды — бул тууралуу «АКИпресс» маалымат агенттиги билдирүүдө.

Соттолгондордун башкалары өкүм боюнча даттанышабы жокпу азырынча белгисиз.

Түлеев 2000-жылдардын аягында, Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде кытай автобустарын сатып алууда алдамчылыктарга барып, мамлекетке зыян келтирүүгө күнөөлүү деп табылган.

Ага карата Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Аман Сариев үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен күчөтүлгөн режимдеги абакка 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Түлеевдин өзү болсо тагылган күнөөлөрдүн бардыгын тең четке кагып, процессти саясий буйрутма деп эсептеп жатат.

«Мен албетте муну саясий буйрутма деп ойлоп атам. Менде учурда өкмөттө иштеп жаткан адамдардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн бардыгы бар. Алардын аты-жөндөрү ал тизмеде болот. Ошондой эле ким кимге кандай тапшырма бергендигин айтып жаткан прокуратура кызматкерлеринин сүйлөшкөн сөздөрү да бар. Убакыт келгенде анын бардыгын ачыкка чыгарабыз», — деген ал өкүм чыгарылгандан кийин.

Экс-мэрден сырткары ал кезде аны менен мэрияда бирге иштеген дагы бир нече чиновник соттолгон.

Өкүм тууралуу кененирээк

Түлеев 2012-жылдын жайында кармалган жана бир жылдан ашык убакыттан бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.

2010-жылдагы революциядан кийин ал Бишкек шаарынын мэри кызматынан кол жууп, бир канча убакытка чоң саясаттан кеткен, бирок көп өтпөй эле учурдагы оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан парламентке депутат болуп келген.

Автор: Жыргал Таалайбеков