Кара-Суу: Жергиликтүү кеңешти шайлоодогу атышуу боюнча кылмыш иши козголду

Кара-Суу милициясы 18-август күнү жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо маалында шайлоо тилкелеринин бириндеги ок атышуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Атышуудан жабырлангандардын арасында үч адам бар, үчөө үч башка партиянын өкүлдөрү.

Куралдуу чыр 18-август күнү Кара-Суу шаарындагы шайлоо тилкелеринин биринин алдында болгон — бир нече партиялардын өкүлдөрү мушташ башташып, кийин ал ок атышууга чейин жеткен.

ММКлардын билдирүүлөрү боюнча, чыр добуш берүүдөгү мыйзам бузуудан улам келип чыккан.

Чырдан «Мекен Ынтымагы», КСДП жана «Өнүгүү» партияларынын мүчөлөрү жараат алышкан.

Ош облустук ИИБсинин басма сөз кызматынын өкүлү Жеңишбек Аширбаев Kloop.kgге берген маегинде кол салууга шектелип оппозициялык «Өнүгүү» партиясынан Эрмек Коноков менен Нурмухаммед Карагуловдор кармалгандыгын айтты.

Мушташтан улам бычактан жараат алгандар да болгон.

«Алгач биринчилерден болуп “Өнүгүү» партиясынан 50дөй киши келди. Анан мушташ башталды. Ким кимге бычак сайгандыгы азырынча белгисиз. Бычактан алган жарааты менен Райымбеков келип түштү. Ал КСДП партиясынын өкүлү», — деди Аширбаев.

Атышуунун хроникасы, милициянын версиясы боюнча:

  1. «Өнүгүүнүн» 50 кишиси шайлоо тилкесине келишти;
  2. Мүмкүн болгон мыйзам бузуулардан улам мушташ башталды;
  3. Мушташ курал колдонулган кагылышка айланып кетти;
  4. «Өнүгүү» партиясынан Эрмек Коноков «Мекен Ынтымагынын» мүчөсү Исламбек Каримовго карата ок чыгарды;
  5. «Өнүгүүдөн» Нурмухаммед Карагулов КСДПнын мүчөсу Мунар Райымбековду бычак менен сайды;

Бирок милициянын бул версиясы чырды бийликчил КСДП партиясынын өкүлдөрү баштады деп билдирип жаткан бир нече күбөнүн айткандары менен туура келбей жатат.

«Шайлоо башталганда эле КСДПнын балдары шайлоону каалагандай нукта алып кетүүгө аракет кылып атышты. Шайлоо комиссиясы, байкоочулар, ошол жердеги милиция алар үчүн “эч ким” болбой калды. Алар каалаган нерсесин кылып атканы үчүн «Өнүгүү» партиясынын балдары алар менен чатакташа кетти», — деп жазган «Азаттык» радиосу байкоочу Бектур Эркинаалы уулуна шилтеме жасап.

Ошондой эле «Азаттык» аты айтылбаган булактарына шилтеме жасап, атышууну КСДП партиясынын мүчөлөрү баштагандыктарын билдирген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова Kloop.kgге берген маегинде жабыркагандардын экөөсү Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактык ооруканаларына жеткирилгендиктерин айтты.

«Экөөсү дагы деле стационарда калууда, бирөөсү Кара-Суу аймактык ооруканасында, курсагына бычак тийип жараат алган, ага операция жасалды. Экинчиси Жалал-Абад облустук ооркуканасында. Ал колтугунун астынан жараат алган», — деди Баялинова.

18-август күнү Кыргызстандын түштүгүндөгү бир катар райондор менен шаарларында шайлоолор өткөн.

Кара-Суу шаардык кеңешин мөөнөтүнөн мурда шайлоо зарылчылыгы мурунку чакырылыштагы депутаттар мэрди шайлай албай койгондон кийин келип чыккан.

Автор: Карина Жолдошева