«Кумтөрдөн» «акча талап кылгандардын» экөөсү тең кармалды

Ысык-Көл облустук милициясы «Кумтөр» компаниясынын жетекчилигинен 3 млн. АКШ долларын талап кылган деп айыпталып жаткандардын экөөсү тең кармалгандыгын ырастады.

Бактияр Курманов 29-август күнү кечинде, а Эрмек Жунушбаев 30-августта эртең менен кармалды.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, экөө тең милиция тарабынан кармалып, кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилген.

«Колго түшүрүү операциясы жакшы эле болду. Алар өздөрү деле буга моралдык жактан даяр болушкан», — деди Усубакунов.

Азырынча кармалгандардын кызыкчылыгын ким коргоору белгисиз.

Видео тасма

Курманов менен Жунушбаев үстүбүздөгү жылдын май айында «Кумтөр» корпорациясына каршы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өткөн митингдердин уюштуруучулары болушкан.

Ал митингдер үч күнгө созулуп, анын жүрүшүндө катышуучулар «Кумтөр» кенин электр жарыгысыз калтырып, милиция менен тирешүүгө чейин барышкан.

«Кумтөрдүн» саясатына нааразы болушкан алар кыргыз-канада компаниясы тарабынан алардын районуна көбүрөөк инвестиция тартылышын талап кылышкан.

Бирок, 28-август күнү кечинде жарыяланган видеого ылайык, ал митингдерден бир ай өткөндөн кийин Курманов менен Жунушбаев «Кумтөрдүн» туруктуу өнүгүү боюнча директору  Дуглас Гриер менен жолугушуп, алтын өндүрүүчү компанияга каршы митингдердин токтошу үчүн андан 3 млн АКШ долларын талап кылышкан.

Эгер алар акча албай калышса Кыргызстанда «жарандык согуш» баштап, «революция» кыла тургандыктарын айтышкан.

Видео тасманын жарыяланышы Кыргызстанда чон резонанс жаратты, а Жети-Өгүз районунун жашоочулары 29-август күнү кечинде жол тосууга чейин барышкан.

Жунушбаев Курманов менен «Кумтөрдөн» акча талап кылбагандыгын айтып, тасмада көрсөтүлгөндөрдү «монтаж» деп атаган.

УКМК ага карабай видео жарыяланаары менен факты боюнча дароо кылмыш ишин козгогон, бирок атайын кызматтагылар Курманов менен Жунушбаевдерди бир сутка өткөндөн кийин гана кармашты.

Авторлор: Бектур Искендер жана Карина Жолдошева