Бийликти кулатуу жөнүндө айтылган тасмадан улам оппозиция лидерлери УКМКга суракка чакырылышты

«Ата-Журт» партиясынан мурунку депутат Садыр Жапаров менен мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов оппозициянын Кыргызстандагы бийликти кулатуу боюнча пландары айтылган видеодон улам сурак берүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакырылышты.
2-сентябрда бийликти кулатуу боюнча оппозициянын пландарын билдирген Эрланбек Өмүралиевдин маеги телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөндөн кийин Садыр Жапаров менен Аликбек Жекшенкулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылышты.

Ал анда оппозиция Ысык-Көлдө жолдорду тосуп, Нарын дарыясын ционид менен ууландырууну пландап жатканын билдирген.

Өмүралиев УКМКнын кызматкерлери менен болгон ал сүйлөшүүсүндө Жекшенкулов менен Жапаровдун ысымдарын айткан болчу. Бүгүн атайын кызматтагылар аларды суракка чакырды.

Жекшенкулов УКМКнын тергөөчүлөрү аны сурак берүү үчүн чакыргандыктарын Kloop.kgге ырастады.

Жапаров да аны атайын кызматтагылар суракка алаарын Kloop.kg ырастады.

«Мага телефон чалышып, келип кетүүмдү өтүнүштү, мен саат үчтөргө барам», — деди Жапаров.

Буга чейин Kloop.kgге берген маегинде «Ата-Журт» партиясынан мурунку депутаты дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, Өмүралиевдин көрсөтмөсү тартылган видео тасманы бийликтегилердин «кара пиары» жана атайын кызматтагылардын «фантазиясы» деп атаган болчу.

«К-Нюьс» маалымат агенттиги вице-премьер Токон Мамытовго шилтеме жасап, Өмүралиевдин көрсөтмөсүндөгү фактылар боюнча кылмыш иши козголгонун жазган, бирок атайын кызматтагылар ал маалыматты четке какты.

«Кылмыш ишин козгоо боюнча маселе азырынча чечилип жатат, учурда кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деди УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү.

Автор: Александра Ли